super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ДЕКАБРЬ: Орусиялык күлкү жаратуучу Руслан Белый 37 жашка толду

 
Кесиптеши жана досу Юлия Ахмедова менен

Бүгүн, 28-декабрда белгилүү орусиялык күлкү жаратуучу, "Comedy club" долбоорунун катышуучусу Руслан Белый 37 жашка толду. Ал 1979-жылы 28-декабрда Чехиянын Прага шаарында төрөлгөн. Атасы аскер кызматкери болгондуктан, уулунун дагы бул кесипти тандоосун каалап, Воронеждеги аскердик окуу жайга тапшырткан. Аны аяктаган соң Р.Белый армияда кызмат өтөп, ага лейтенант, капитан чиндерин алган.

Куудул карьерасын жогорку окуу жайында окуп жүргөндө "Седьмое небо" КВН клубунда ойноо менен баштап, Юрмаладагы "Голосящий КиВиН" музыкалык сынагын жеңип алган. Воронеждеги "Comedy Club" долбооруна катышып, "Смех без правил" шоусуна чакыруу алган. Ал жерден баш байгени уткан. Бул ийгилигинен кийин Р.Белыйды ТНТ телеканалына чыкырышып, ал "Comedy Club" телешоусуна катыша баштаган. Ал эми 2013-жылы өзүнүн "Stand Up" шоусун негиздеп, анын алып баруучусу жана катышуучусу болгон. Мындан тышкары Р.Белый өзүн актёр катары дагы сынап, "Счастливы вместе", "Универ. Новая общага" сериалдарында роль жараткан.

Күлкү жаратуучу жеке жашоосу тууралуу коомчулукка маалымат берүүдөн качып, кыздар менен олуттуу мамиле курууга убактысы жок экендигин айтып келет. Бирок орусиялык басылмалар анын кесиптеши Юлия Ахмедова менен сүйүү мамилесинде экендигин жазып чыгышкан. Бул маалыматты Р.Белый четке каккан.

28-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: