super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн кенебестиги ЕАЭБде өлкөнү артка тартып жатканын премьер моюнга алды

 

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин пайдасын көрбөй жатышына өкмөттүн кенебестиги да себеп. Мындай пикирди 29-декабрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирип, Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү азайып кеткенин айтты. "Биринчиден, бул биздин ички ата мекендик фитосанитардык жана ветеринардык инфраструктуранын ЕАЭБдин стандартына дал келбегендигинен улам. Биз объективдүү кыйынчылыктарга, ошондой эле өзүбүздүн кенебестигибизге такалып жатабыз", - деди премьер.

Азыркы учурда кыргыз тараптын эт, сүт азыктары ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн рыногуна киргизилбей жатат. Казакстан чек арасынан ветеринардык көзөмөлүн албай жаткандыктан кыргыз фермерлери өндүргөн продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк боло элек. Өлкөдө ЕАЭБдин талабына ылайык лабораториялар курулуп, азыктардын коопсуздугу тастыктала баштаса, коңшулар ветеринардык көзөмөлүн алат деген үмүт бар.

Кыргыз жеринде лабораториялар менен өткөрүү пункттарын ЕАЭБдин талабына ылайыктоого жардам катары Казакстан 100 миллион доллар бермекчи. Тийиштүү макулдашууга 26-декабрда кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: