super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 29-ДЕКАБРЬ: 208 жыл мурун АКШнын 17-президенти Эндрю Жонсон төрөлгөн

 

Мындан 208 жыл мурун, 1808-жылы 29-декабрда АКШнын 17-президенти, мамлекеттик жана саясий ишмер Эндрю Жонсон төрөлгөн. Жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн Эндрюнун атасы окуганды да, жазганды дагы билген эмес. Болочоктогу президент мектепте билим алгандын ордуна тигүүчүлүк өнөрдү үйрөнүп, акча таап, аз убакыттын ичинде байыган.

Ал эми анын саясий карьерасы 1829-жылы Гринвилл шаардык кеңешинин мүчөсү болушу менен башталган. 1834-жылы 24 жашында аталган шаардын мэри, 1835-жылдан тарта Теннеси штатынын Конгрессинин сенатору, 1853-жылы штаттын губернатору болуп шайланган. Жонсон кулчулуктун жактоочусу болгон, бирок кул ээлөөчүлөрдүн олигархиясына каршы турган. Губернатор болуп иштеп жатканда штатка билим берүү тармагына жумшоо үчүн атайын салык киргизген.

1865-жылы 15-апрелде демократтардын партиясынын атынан президент болуп шайланып, бийликте 1869-жылдын 4-мартына чейин турган. Ал бийликке келген күндөн баштап Конгресс менен көз караштары келишпей, мамилеси начар болгон. Президент болуп турганда Америка Орусиядан Алясканы 7,2 миллион АКШ долларына сатып алган. Ошондой эле 1867-жылы январда Конгресстин "Кара терилүүлөрдүн шайлоо укугу жөнүндө" мыйзамынын долбоорун жокко чыгарган. Эндрю Жонсонго Сенат тарабынан АКШнын президенттеринин арасынан биринчи болуп импичмент жарыяланган.

Э.Жонсон 1875-жылы 31-июлда 66 жаш курагында көз жумган.

29-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: