super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-ДЕКАБРЬ: Кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын көзү өткөнүнө 23 жыл болду

 
Бакен Кыдыкеева кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун ойногон.
"Саманчынын жолу" тасмасында Толгонайдын ролунда

Мындан 23 жыл мурун, 1993-жылы 30-декабрда атактуу актриса Бакен Кыдыкеева 74 жашында жол кырсыгынан көз жумган. Маалыматтарга караганда, актриса Эркиндик бульвары менен
Жибек-Жолунун кесилишиндеги жолдон өтүп баратканда автоунаа сүзүп кеткен. Документи жок, таанылбай өлүкканада 15 күн жатып калган. Ал убакыт ичинде аны эч ким издеген эмес, акыры белгисиз адам катары көмүлө турганда гана мээрман айым таанып, бул окуя коомчулукка белгилүү болгон. Актрисанын өлүмүн изилдеген эч ким болгон эмес.

Өмүрүнүн 60 жылын театрга арнаган

Залкар актриса 1923-жылы 20-октябрда азыркы Бишкек шаарында туулуп, актрисалык кесипти 1936-жылы Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрынан 13 жашында баштаган. Алгачкы ирет сахнага 14 жашында чыгып, испаниялык драматург Лопе де Веганын "Койлуу булак" чыгармасындагы Лауренсиянын ролун аткарган. Б.Кыдыкеева атасынын тыюу салганына карабай театрда иштеп, алгачкы ролун ойноп, коркуп жүрүп үйүнө келсе, спектакль жөнүндө ошол кездеги "Кызыл Кыргызстан" гезитине чыгып, атасы окуп отурган экен. Ошондон кийин гүл көтөрүп алып атасы кызы үчүн театрга үзбөй келип турчу дешет.

Кыдыкеева 1941-жылы Ысык-Көлдөгү драма театрында, ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Нарын театрында иштеген. Чыгармачылыгынын жана өмүрүнүн көп бөлүгүн Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына арнап, ал жерде 1989-жылга чейин эмгектенген. 1990-жылдын башында Бакен Кыдыкеева жаш курагы келип калды, оорулуу делип, 68 жаш курагында Кыргыз улуттук драма театрынан жумуштан чыгарылган деп айтылат. 1990-жылдан 1993-жылга чейин Республикалык жаш жеткинчектер театрында иштеген.

Кыргыздын алгачкы толук метраждуу фильми "Салтанатта" башкы ролду жараткан

Бакен Кыдыкеева театрда Лауренсия (Лопе де Вега, "Койлуу булак"), андан кийин Берметтин ("Саринжи-Бөкөй", Касымбек Эшмамбетов), Жесси (Константин Симонов, "Орус маселеси"), Ульяна Громова (Александр Фадеев, "Жаш Гвардия"), Дездемона (Уильям Шекспир, "Отелло"), Какей ("Кайгылуу Какей", Молдогазы Токобаев), Катерина (Александр Островский, "Добул"), Айганыш (Касымалы Жантөшев, "Курманбек"), Каныкейдин ("Манастын уулу Семетей", Жалил Садыков) жана дагы бир топ каармандардын образдарын ачып берген.

Ал эми кино жаатында биринчилерден болуп кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун ойногон. Андан сырткары экранда Бурма ("Токтогул"), Райхан ("Ашууда"), Азиз эне ("Тайгак кечүү"), Кара катын ("Биринчи мугалим"), Толгонай ("Саманчынын жолу"), Жайдар ("Жаныбарым Гүлсарым"), Хадыша ("Караш-Караш окуясы"), Сейилдин ("Көчө") ролдорун жараткан.

Замандаштарынын айтымында, Б.Кыдыкеева тагдырдын кандай гана соккулары болбосун, кабагым-кашым дебестен, солк этпей көтөрө билген, эрки күчтүү, калыс, бетке айткан, түз жүргөн аялзаты болгон. Актрисанын ысымы 2000-жылы Жаш жеткинчектер театрына ыйгарылган. Драматург Жаныш Кулмамбетов Бакен Кыдыкеева жөнүндө "Талант жана тагдыр" деген драма жазып, ал 2004-жылы Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз Республикасынын Жаш жеткинчектер театрында коюлган.

30-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: