Бүгүн, 30-декабрда "Голос" сынагында Кайрат Примбердиев жеңиш үчүн ат салышат



Бүгүн, 30-декабрда орусиялык "Голос" музыкалык сынагынын финалы өтөт. Анда мекендешибиз Кайрат Примбердиев, Александр Панайотов, Сардор Милано, Дарья Антонюк 1-орун үчүн күч сынашат.
Маалыматтарга караганда, алгач ар бир катышуучу жекече, андан кийин насаатчысы менен дуэт ырдайт. Чыгармалар аткарылган соң телекөрүүчүлөр түз эфирде добуш беришет. Аз добуш алган бир катышуучу сынактан четтейт. Калган 3 катышуучу дагы бирден чыгарма аткарып, добуш берүүгө коюлат. Кайрадан элдин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жеңүүчү аныкталат.
Орусиялык ырчы Дима Билан өзгөчө үндүн ээси Кайрат Примбердиевге добуш берүүнү суранып, баракчасына жазып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
4

Интернеттен туз эфирди бербейт.ОРТ телеканалдан болот туз эфир.Эртеси [moderated]ка чыгат.