31-декабрда өрт-куткаруучу бөлүктөрүнүн 800дөн ашуун кызматкери нөөмөттө болот
Жаңы жылдык майрамда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-декабрда өлкө боюнча өрт-куткаруучу бөлүктөрүнүн 800дөн ашуун кызматкери иштейт, 160 атайын техника тартылат, алардын ичинен 129у өрткө каршы, 21и куткаруучу техника.
"Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалыңыздар", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.