super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ДЕКАБРЬ: Британиялык жана америкалык актёр Энтони Хопкинс 79га чыкты

 
Энтони Хопкинс жана Дайан Кэннон, 1979-жыл.
Аялы Стелла Арройяве менен
Аялы Стелла Арройяве менен
Петронелла Баркер менен
Жаш кези
2-аялы Женнифер Линтон

Мындан 79 жыл мурун, 1937-жылы 31-декабрда британиялык жана америкалык актёр Энтони Хопкинс туулган. Ал "Ганнибал", "Зорро бет кабы" жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.

Ал дислексия оорусу менен ооругандыктан, мектепте окуй алган эмес. Андыктан искусство жаатында окууну туура көргөн. 15 жашында актёр Ричард Бёртонго жолукканы кино тармагын тандоого түрткү болгон. Музыка жана драма колледжин бүтүрүп, Лондондогу Драма искусство академиясында билим алган.

2000-жылдан бери АКШда жашап, америкалык жарандык алган. 2003-жылы Голливуддагы Даңк аллеясында жылдыздуу болгон. 2008-жылдан тарта Британиянын кино жана телевизиондук искусство академиясынын мүчөсү. "Оскар", эки "Эмми" жана төрт жолку BAFTA сыйлыгынын ээси.

Хопкинс 3 жолу үйлөнгөн:

  • Петронелла Баркер (1967-1972) менен Эбигейл аттуу кыздуу болгон;
  • Женнифер Линтон (1973-2002);
  • 2003-жылы колумбиялык Стелла Арройяве.

31-декабрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: