super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Жарыкка чыга электе эле көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан "Доктор Айболот" комедиялык тасмасы SUPER.KG порталында

 

Бүгүн, 3-январда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү жаңы, эксклюзивдүү "Доктор Айболот" тасмасы менен толукталды. Анда "тамашоучу" Самат Эркинбеков башкы каармандын ролун жаратуу менен бирге режиссёрлук милдетти аркалаган.

Тасмада Айболот аттуу жигит медициналык окуу жайды аяктап, айылга практика өтөөгө жөнөйт. Ал жакта дарыгер болуп, айыл жашоочуларынын тагдыры менен алпурушуп, ийне сайганды үйрөнөт. Бейтаптарга түрдүү диагноздорду коюп, айрымдарын киренелейт. Ал окууну бүтүп диплом алып жатканда агай-эжейлери "Бүтүп кетишиң менен куттуктайбыз!" деп, кутулганына сүйүнүшөт. Ошентсе да колунан эч нерсе келбеген Айболот бир айыл үчүн үмүт шамын жаккан дарыгерге айланат. Ошондой эле анын ар бир күнү күлкүлүү окуялар менен коштолот жана анын досу көпчүлүктү таң калтырып, итти сүйлөтөт.

Тасма тууралуу Самат Эркинбеков буларды билдирди:

"Тасманы кандай атасак деп ойлондук, көп эле варианттар бар болчу. Анан белгилүү "Доктор Айболит" аңгемесиндеги Айболит деген каарманды кыргызчалап, тасманы "Доктор Айболот" деп атадык. Өзүм туулган Чүйдүн Он-Бир-Жылга айылында тартылды. Жарыкка чыга электе эле көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып, жарнама же трейлер аркылуу көргөндөр "Качан тасма жарыкка чыгат, качан көрөбүз?" деп сурап жатышты. Көрүүчүлөрдөн жакшы пикирлерди уктук. Өзүнө кеткен чыгымды толук актады. Албетте, анда башкы каармандын, режиссёрдун кызматын аркалагандыктан кыйынчылыктар да болуп жатты. Ага карабай баарын ийгиликтүү бүтүрдүк".

"Доктор Айболот" тасмасын бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
03.01.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Укмуш деле эмес экен го
03.01.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бугун КТРК каналынан берди,кино анча деле кызыктуу же кулкулуу эмес.Баштапкы тартылган кинолорунун эле уландысындай экен.Кинону коруп алып озум уялдым ажаан катын куйоосун канынды ичем деп урушканы жакбады.
03.01.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот экен бир коруп койсо. Сюрприз соонун кино экен кулуп атып ичин ооруп чыгат экен
03.01.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kilim,сюрпризди кайдан тапса болот
03.01.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анча деле эмес экен
03.01.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойноп отуруп тарткан кино го дейин десем, режиссёрлук баштапкы эмгеги экен. Мейли таланты өркүндөй берсин. Бирок фильмде бир да конкреттүү идея жок . Коомду тарбиялабай эле , шылдың калыптыр(.
04.01.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эптеп эле тартылган кинолордун катарын толуктаптыр...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: