super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ЯНВАРЬ: 208 жыл мурун көзү азиздердин арибин ойлоп тапкан француз окутуучусу Луи Брайль төрөлгөн

 

Мындан 208 жыл мурун, 1809-жылы 4-январда көзү азиздер үчүн алиппени ойлоп тапкан француз окутуучусу Луи Брайль туулган. Анын атасы өтүкчү болгон. Луи Брайль 3 жашында атасынын устаканасында шибеге сыяктуу курал менен көздөрүнө залака келтирип алып, акырындан көздөрү көрбөй баштаган. Ал эми 5 жашында толугу менен эч нерсени көрбөй калган. 10 жашка толгондо Париждеги көзү азиздер үчүн падышалык окуу жайда билим ала баштаган. Ал жактан окуудан тышкары Луи Брайль пианино, орган музыкалык аспаптарында ойногонду үйрөнгөн. 1828-жылы мектепти аяктаганда ага институтта окутуучу болуп калууну сунушташкан. Ошентип, Луи география, алгебра жана музыкадан сабак берип, чиркөөдө органист болуп иштеген.

12 жашында Брайль дарыгер Самуэл Хауиге таандык көзү көрбөгөндөр үчүн тамгаларды үйрөнүп, азиздер үчүн атайын арипти ойлоп табуунун үстүндө иштеп баштайт. Жаңы алфавит 3 жылдын ичинде даяр болот. Анда тамгалар гана эмес, сандар жана тыныш белгилери дагы болгон.

Луи Брайль 1852-жылы 6-январда 43 жашында Парижде каза болгон. Анын өлүмүнөн кийин 2 жылдан соң азиздердин алиппеси Францияга жана башка Европа мамлекеттерине тараган.

4-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: