super.kg logo

Орусияда кыргыз сүрөтчүсү Жылдыз Заркунованы эскерүү кечеси өттү

 
Орусиянын “Сүрөтчүлөр союзунун Эл аралык конфедерациясы” коомдук бирикмелер ассоциацианын төрагасы Масут Фаткулин cөз сүйлөөдө
Көргөзмөгө келген конок
Жылдыз Заркунованын эмгектери
Көргөзмөгө келген конок

24-апрель күнү Москвадагы Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө кыргыз сүрөтчүсү Жылдыз Заркунованы эскерүү урматына  “Аалам менен сүйлөшүү” аттуу көргөзмө ачылды. Көргөзмө Орусиянын “Сүрөтчүлөр союзунун эл аралык конфедерациясы” коомдук бирикмелер ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Анда аталган ассоциациянын төрагасы Масут Фаткулин Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Майя Сабирдина, Орусиянын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Виктор Пуховский, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана ММК өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Ж.Заркунованын 140ка жакын эмгектери коюлган. Келген коноктор кыргыздын жаш сүрөтчү кызынын талантына баа беришип, анын эмгектери жөнүндө ой-пикирлерин айтышты. Аталган көргөзмө 18-майга чейин созулат. Белгилей кетсек, Жылдыз Заркунова атайын сүрөтчүлүк билимге ээ болгон эмес, бирок ал 16 жашында эле өзүнүн биринчи көргөзмөсүн уюштурган. Анын алгачкы көргөзмөсү өз мекендештеринин арасында гана эмес, чет элден келген коноктор тарабынан да жогору баага татыган. Өзүнүн аз өмүрүндө кыргыз сүрөтүнө салым кошконго жетишкен Ж.Заркунова 21 жашында Европага окууга тапшыруу үчүн бара жатканда белгисиз бирөөлөр тарабынан поездден ыргытылып өлгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: