Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп Назаркул Ишекеев дайындалды
Назаркул Ишекеев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү бүгүн, 5-январда кабарлады.
"Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 5-январда кол койгон жарлыкка ылайык, Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты Эгемберди Эрматов ээлеп, 2016-жылдын ноябрь айында бошотулган.
Назаркул Ишекеев Билим берүү жана илим министринин орун басары, Кыргыз улуттук университетинин проректору болуп эмгектенген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Чынчыл, кичипейил, гениялдуу инсан. Ишинизге ийгилик каалайм, бар болуңуз агай!