super.kg logo

Дональд Трамптын инаугурациясында баңгизаты бар 4,2 миң тамеки таратылат

 

Марихуананы легалдаштыруунун тарапташтары 20-январда Дональд Трамптын инаугурациясында баңгизаты бар 4,2 миң тамеки таратышат. Бул тууралуу "New York Post" басылмасы жазып чыкты.

Баңгизат саат 8:00дө Вашингтондогу "Dupont Circle" аянтында таратылып, катышуучулар президенттин инаугурациясы өтө турчу Улуттук аллеяга чейин жөө басышарын жазган басылма. Маалыматка ылайык, 4 мүнөт 20 секундага уланган Трамптын сөзүнөн кийин активисттер баңгизат салынган тамекини чегип башташат. Муну менен алар камакка алынышы мүмкүн, себеби аталган аллея баңгизат колдонууга тыюу салынган федералдык аймакка кирет.

Бул акциянын уюштуруучулары - "DCMJ" деп аталган топ.

"Биз марихуананы Вашингтондо легалдаштырдык, бизден бул укукту эч ким тартып албайт! Бул акция Трамптын тарапташтарынын арасында марихуананын колдонуучулары көп экенин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Бизге кошулуп, жыргал мүнөттөрдү өткөргүлө!" - деп жазылган топтун социалдык тармактагы баракчасында. Бул билдирүүнүн алдына учурда түрдүү комментарийлер жазылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.01.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне эле болуп жатат дуйнодо? Акыр замандын белгисиби?
05.01.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кылдым ушундай да болот экенда.
05.01.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Американын кылганы ошол. Эркек менен эркеги, ургаачы менен ургаачысы "неметишсин" эми. Аларда баары мыйзамдуу
05.01.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Наркы жееги наркомандар берки жееги алкогольдор болсо кучтуу мамлекет боло алышпайт бизге ошонусу да жакшы бирок бизге жетпесе экен ошол нерселер
05.01.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бутуп бараткан дуйнонун дагы бир далили
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: