super.kg logo

Алтын куймаларын салыктан бошотуу демилгеси депутаттардын ортосунда кайчы пикир жаратты

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси каралды. Долбоорго ылайык, алтындан же күмүштөн жасалган куймаларды, инвестициялык жана нумизматикалык тыйындарды республикага алып келүүдө Улуттук банк кошумча нарк салыгын, бажы алымдарын жана бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотулмакчы.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2015-жылдын 7-майынан тарта өлкөдө жалпы салмагы 123 килограмм 756 грамм 2400 даана алтын куймалары 342 миллион 771 миң сомго сатылган. "Кыргыз жергесинде 100 граммдык алтын куймалары гана жасалат. Ал эми 1, 2, 5, 10 жана 31 граммдык алтын куймалары Казакстанда жасалат. Бул өлкөдөн алынып келинчү куймалардын ар бир граммына 401 сом кошулгандыктан, жарандарыбыз аларды сатып албай жатышат. Ошондуктан салыктан бошотуу зарылчылыгы жаралды", - деди Абдыгулов.

Өкмөттүн өкүлү жана экономика министри бул демилгени колдоорун билдиришти.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди. "Алтын куймаларын салыктан бошотуу демилгеси казакстандык ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн сунушталып жатат. Биздин компаниялар аз граммдык алтын куймаларын жасай алышпайбы? Керектүү жабдууларды сатып берели, биздин зергерлер жасашсын. Башкалардын кызыкчылыктарын колдобой эле коёлу", - деп чакырды Жамалдинов.

КДСПчы депутат Мурадыл Мадеминов ага каршы чыкты. "Бул жерде эч кандай лобби жок. Улуттук банктын максаты - иштетилбей сакталып жаткан акчаны рынокко чыгаруу. Бул экономикага жакшы таасирин берет", - деди Мадеминов.

Талкуунун жүрүшүндө демилгени колдоого жана колдобоого аргументтер айтылды. Жыйынтыгында 3 депутат "каршы", калгандары "макул" деп добуш беришти. Мыйзам долбоору 1-окууда парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.01.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунор алтын сатып алалбай элге тонкой бербегиле эл куйма алтын албаса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: