super.kg logo

Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялады

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 5-январда “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

“Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана жаңы технологиялар Кыргыз Республикасында оң өзгөрүүлөр, мүмкүнчүлүктөр менен катар эле жаңы сыноолорду пайда кылды. Бул шартта өлкөнүн стратегиялык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттин жана коомдун бардык күч-аракетин адамга, анын адеп-ыйманына жана руханий дүйнөсүнө багыттоо зарыл.

2016-жылы өткөрүлгөн Тарых жана маданият жылы жалпы колдоого ээ болуп, элибиздин тарыхый жана маданий мурасынын түгөнгүс кудурет-күчүн ачып көрсөттү жана жаңы кыргыз коомун түзүүгө негиз болгудай пайдубал бар экенин ырастады.

Өлкөбүздүн башкы байлыгы – анын жарандары. Учурда кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл нарктары менен алдынкы дүйнө таанымды айкалыштырган ар тараптан жетик инсанды калыптандыруунун мааниси өстү. Ушул максатта өзгөчө күч-аракет балдар менен жаштарга багытталууга тийиш. Калкыбыздын жарымынан көбүн 25 жашка чейинкилер түзөт, алар - Кыргыз Республикасынын негизги ресурсу, келечектеги бакубаттыктын уюткусу.

Кыргыз мамлекетинин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш. Ошондуктан азыркы шартта заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу, өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системин түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын стратегиялык милдеттерин жүзөгө ашыруу, мамлекет менен коомдун күч-аракетин түздөн-түз адамга, анын руханий дүйнөсүнө, адеп-ыйманына жана маданиятына багыттоо максатында, ошондой эле коомчулуктун кайрылууларын эске алып Кыргыз Республикасында 2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыялансын", - деп жазылат жарлыкта.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүү, Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бир ай ичинде иштеп чыгуу сунушталды.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
05.01.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне кечке эле маданият жылы боло береби тообо.Ыйман жылы эле деп койсун бир жолу маданиятын кошпойле.
05.01.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
маданият жылы дей берет же анысы онолсочу...
05.01.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Президенттин созу соз ит уроберет кербен журо берет эч кандай айыбы жок. Болсо болгондур берекелуу жыл болсун. Башкысы ыйман адеп маданият мааниси жакын эле создор
05.01.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ыйман,адептин балакетин алгыр
05.01.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
АША Кытайга учуп кетиптир, карызга акча алганы. 5 миллиардка жеткиретко мындай кетсек.
05.01.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Без толк эле атай берет экенда. 26 жылдан бери атап келишет же толк чыкпайт.
05.01.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президент мынча еле маданият жылын жылда кыла берет андан коро Уркундун 101жылдыгы десе жакшы болот
05.01.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экономикалык онугуу жылы деп мамлекетти онуктурсо болмок,оной жагына качпай.
05.01.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйманды оздорунон баштасынчы биринчи, эгер бийликтегилер ЫЙМАН эмне экенин толук билишкенде Кыргызстанда беш жылда жакшы озгоруулор болот эле.
05.01.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башчыбыз болуп АША,
Акча сурап ар жактан ШАША,
Айта берип ар нерсени,
Баарын кылды КАША
05.01.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандан адашкандар көп болууда менимче туура эле ыймандуулукка маданиятуулука чакырган жыл болсун.жогорудагыларда ыймандуулукка болуп мамлекетин буджет тине кол салууну токтотсун
05.01.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андан коро Ондуруш жылы деп жарыябайбы.Мына 6 жылдан бери Алмазбек Шаршенович бир дагын завод ачпады.Инвесторлорду таап завод ачканда мин деген эл Россияга барбай озубуздо заводтордо иштешет эле.Мына К.С.Бакиев Кызыл-Кыяда цемент завод ачып ишке салып койгон экен азыр ошол заводто минден ашуу жергиликтуу элдер иштеп жатышат.
KGstan1981 түзөттү 2017-01-05 21:53:04
05.01.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,Туура айтасын 5 жылда бирда завод фабрика ачпады только расход.
05.01.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ордок жылы деп койбоптур.
06.01.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен башкача аталыш куткон элем... Маданият болбоду беле. Мисалы экономика, укук, ден-соолук, социалдык колдоолор, инвесторлорду колдоо тартуу жана башка ушул сыяктуу....
06.01.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылда эле паланча жылы болот Кыргызстанда толку жок,кайра баржок сокращение болот же сатылмай,ээлеп алмай болот!
06.01.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өздөрүнөн баштасынчы,ыймандуу, адептүү болуп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: