super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-ЯНВАРЬ: Белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 68 жашка толду

 

Бүгүн, 5-январда белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 68 жашка толду. Актёрду өздүк майрамы менен куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталынын эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, Жаңы жыл менен куттуктап, каалоо-тилегин айтты.

"Туулган күнүмдү үй-бүлөм менен өткөрүп жатам. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы болуп калды. Учурда үйдө дарыланып жатам", - деди ал.

Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында жарык дүйнөгө келген. Актёрдук билимди Москвадагы театралдык институттан алган. Актёрдун кинодогу ролдору - "Мен Тянь-Шань" (Ильяз), "Айсулуунун талаасы" (Сабыр), "Каныбек" (Түлкүбек), "Акбаранын көз жашы" (Базарбай), "Саманчынын жолу" (Субанкул), "Кайчы жолдор" (Хан) жана башка жаңы кыргыз тасмаларындагы ролдору. Ал эми театрдагы ролдору - "Курманбек" (Курманбек), "Барпы ырчы" (Барпы), "Коммунист Танабай" (Танабай), "Отелло" (Отелло), "Дарак түбүндөгү махабат" (Кэбот) жана башкалар. Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру.

5-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
05.01.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурунуз узун болсун. Ильяздын ролун эн мыкты ойногон
05.01.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туулган кунунуз кут болсун.Ден соолук узун омур каалайм.Мага Базарбай болгону жагат
05.01.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дүйшөн ага, ден соолугуңуз чың болсун, кийгениңиз шым болсун, шымдын ичи тың болсун!:-)
05.01.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узун өмүр,ден-соолук каалайм,бар болуңуз!!!талантыңызды сыйлайм!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: