super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-ЯНВАРЬ: 82 жыл мурун рок-н-роллдун падышасы Элвис Пресли жарык дүйнөгө келген

 

Мындан 82 жыл мурун, 1935-жылы 8-январда рок-н-роллдун падышасы, америкалык ырчы жана актёр Элвис Пресли Американын түштүгүндө, Миссисипи штатында туулган. Ырчылык таланты бала кезинен эле билинип, ырдоо манерасы өзгөчө болгон. Кийин Элвистин дал ошол ырдоо манерасын, ошол үнүн элдин баары жактырып, өзү өсүп-чоңойгон Мэмфис шаары эле эмес, бүткүл Американын жаштары Элвисти туурап ырдай баштаган. Кийин ал Голливудга келип, катардагы ырчыдан Америка менен Европа тааныган эстрада кумирине чейин жеткен. Элвистин атак-даңкы, дүйнөлүк аброю зор болгондуктан, АКШнын 37-президенти Ричард Никсон аны менен атайын жолугуп, "жаңы муундун жаштарын жакшы жакка тарбиялоого жардам бериңиз" деп суранган.

Элвис Пресли дүйнөдөгү музыка жаатында атагы таш жарган музыканттар менен топтор арасында популярдуулугу боюнча үчүнчү орунда турат деген маалыматтар бар. Анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк хит-параддардан түшпөй келатат. Американын маданий кумирине айланган, дүйнөдөгү эң эле атактуу музыка чеберлеринин бири катары таанылган улуу ырчы 1977-жылы 16-августта 42 жашында туулуп-өскөн шаары Мэмфисте каза болгон. Преслини акыркы сапарга узатууга 80 миң киши катышып, бүт Америка аза күткөн.

8-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: