ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: 154 жыл мурун Лондондо дүйнөдөгү алгачкы метро ачылган




Мындан 154 жыл мурун, 1863-жылы 9-январда Улуу Британиянын баш калаасы Лондондо дүйнөдөгү эң биринчи метро ачылып, ал Паддингтон станциясынан Фэррингтонго каттаган.
Алгачкы метро каттамы 1854-жылы түзүлгөн "Метрополитен темир жолдору" аттуу жеке менчик компания тарабынан салынган. Бул долбоордун негизги максаты Паддингтон, Юстон жана Киңс Кросс станцияларын шаардын бизнес борбору менен туташтыруу болгон. Жаңы темир жол каттамына кызыгуу чоң болуп, Лондон тургундары анын ичинде жүрүү үчүн узун кезекке турушкан. 1900-жылдан кийин метро тармагын кеңейтүүгө башка компаниялар дагы тартылган.
"Тюб мэп" же метронун картасы 1931-жылы англис инженери Харри Бэк тарабынан түзүлгөн. 1933-жылы ал 750 миң нускада басылып чыгарылган. II Дүйнөлүк согуш учурунда британдыктар Лондондун жер алдындагы темир жол байланышын бомбадан коргонуу жайы катары да пайдаланышкан.
Бүгүнкү күндө Лондон метросунда 11 линия иштейт. Алар шаардын ичин жана айланасындагы райондорду байланыштырып турат. 1863-жылдан бери метродо көптөгөн өзгөрүүлөр болгон. Азыркы учурда Лондон метросу күнүнө 3 миллион жүргүнчүнү ташыйт жана анын 275 станциясы бар. Метронун 150 жылдык мааракеси 2013-жылы Британияда ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленген.
9-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
ABDulHai

09.01.2017. 09:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде качан ачылыш болот экен а?
Chimgen

09.01.2017. 13:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1863-жылы кыргызстан кандай абалда болгон
nur_zhoni

09.01.2017. 14:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз 154 жыл аркадабыз бизге качан жакшы президент келет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.