super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: "Күйөрмандарым бүгүнкү туулган күнүмө айылдагы үйүмө белек алып барышыптыр" дейт Гүлжигит Сатыбеков

 

Бүгүн, 9-январда ырчы Гүлжигит Сатыбеков 37 жашка толду. Туулган күнү менен куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, учурда Орусияда кайрымдуулук концертин берип жүргөндүгүн айтты.

"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мени куттуктап жаткан бардык күйөрмандарыма рахматымды айтам. Бар болуңуздар! Айылдан ата-энем телефон чалып куттуктап, үйгө күйөрмандарым мага белектерди алып барып жатышканын айтты, ыраазымын. Учурда Санкт-Петербург шаарындамын. 5-январда кайрымдуулук концерт өткөрүү үчүн Москвага келгем. Өздүк майрамымды досторум менен өткөрөйүн деп жатам", - деди Сатыбеков.

Ырчы 1980-жылы 9-январда Ош шаарында төрөлүп, Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында чоңойгон. Репертуарындагы ырлары - “Коштошуу”, “Ошко сапар”, “Балама”, "Лейлектик кызга" жана башкалар. 2013-жылы Гүлжигит Сатыбековдун "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган. Учурда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун музыка бөлүмүндө бүтүрүүчү курста билим алып жатат.

9-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.01.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сага чыгармачыл ийгилик, бекем ден соолук иним. Сенин башкалардан артыкчылыгын чыгармаларындын жаралышына мээнетиндин сезилип тургандыгы.
09.01.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик
09.01.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туулган кунунуз кут болсун Гулжигит байке. Ден-соолукта болунуз,иштеринизге ийгилик!!!
09.01.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган күнүң менен Гүлжигит, өмүрүң узун болсун, эл сыймыктанган уулдардан болуп жүрө бер,чыгармачылыгыңа даңгыр жол.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: