Эртең, 14-январда эгемендүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кабыл алынганына 23 жыл толот. Мамлекеттик символдор, аларга байланыштуу окуялар, өзгөрүүлөр тууралуу канчалык маалыматка ээсиз? Тесттен өтүп, күчүңүздү сынаңыз.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
3 мамлекеттик символ кабыл алынган күндөрдү туура табыңыз.
Мамлекеттик желек 1992-жылы 3-мартта, мамлекеттик гимн 1992-жылы 18-декабрда, мамлекеттик герб 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Бул күндөрү республикада түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, бул маанилүү даталардын тарыхый орду, мааниси эскерилип турат.
Кийинки суроо
Герб - 15-январь, желек - 5-март, гимн - 17-декабрь
Герб - 14-январь, желек - 3-март, гимн - 18-декабрь
Герб - 11-январь, желек - 3-май, гимн - 10-февраль
Биринчи желек кабыл алынды беле же гербби?
Эң биринчи мамлекеттик желек кабыл алынган. Өлкө 1991-жылы эгемендик алса, өлкөнүн желеги 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген.
Кийинки суроо
Желек
Герб
Экөө бир күндө кабыл алынган
Мамлекеттик органдарда илинген желек кайсы учурда төмөн түшүрүлөт?
Оор кесепеттүү кырсык болуп, өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланганда мамлекеттик имараттарда илинген желек ылдый түшүрүлөт. Мисалы, 2016-жылдын августунда Орусияда өрт кырсыгынан 14 мекендешибиз каза таап, өлкөдө 29-август - аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Кийинки суроо
Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганда
Республикада аза күтүү күнү жарыяланганда
Баткен окуясын эскерүү күнүндө
Мындан 6 жыл мурун өлкө желегин көк түстүү кылууну сунуштап чыккан экс-депутат?
2011-жылы депутат Карганбек Самаков мамлекеттик желекти кызыл эмес, көк түстүү кылууну демилгелеген. Депутат кызыл түс канды билдирерин, ушул себептүү өлкөдө кандуу окуялар болуп жатканын айтып чыккан. Бирок сунуш ишке ашкан эмес, азыркы учурда мамлекеттик туу алгачкы вариантында колдонулат.
Кийинки суроо
Камчыбек Ташиев
Карганбек Самаков
Данияр Тербишалиев
Жакында мамлекеттик символдор жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирди. Максаты?
Жаңы мыйзам мамлекеттик символика боюнча так эталондорду аныктайт. Буга чейин бирдиктүү эталон болбогондуктан, символдордун түрдүү варианттары колдонулуп келген. Мисалы, гербдеги куштун куйругу ар кандай формада тартылып жүрөт. Эми мындай баш аламандык токтошу мүмкүн, өкмөт бирдиктүү стандарт иштеп чыгат.
Кийинки суроо
Мамлекеттик символдорго өзгөртүү киргизүү
Мамлекеттик символдордун бирдиктүү эталондорун аныктайт
Мамлекеттик символдордун санын көбөйтүү
Мамлекеттик желек эң биринчи жолу кайсы имараттын үстүнө илингенин билесизби?
Мамлекеттик желек биринчи жолу 1992-жылы 5-мартта Өкмөт үйүндө абага көтөрүлгөн. Желектин авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев. Жакында мамлекеттик желектин кабыл алынганына 25 жыл болот.
Кийинки суроо
Өкмөт үйүнө
Башкы прокуратурага
Жогорку Кеңешке
Гимнде "элдин жанына барабар" деп эмне ырдалат?
Мамлекеттик гимндин 1-куплети:
"Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар..." Тоолор элдин жанына, өмүрүнө тете сүрөттөлүп даңкталууда. Демек, туура жооп - 2-вариант.
Кийинки суроо
Кыргыз элинин ыйык мурасы
Тоолор, талаалар
Эркиндик, үмүт
Салтанаттуу кечеде гимн аткарылып жатканда сөзсүз...
Салтанаттуу иш-чарада мамлекеттик гимн жаңыра баштаганда отургандардын баары ордунан турушат. Гимн аткарылып жатканда колду көкүрөккө алуу, кошулуп ырдоо каадасы дагы бар.
Кийинки суроо
... ордубуздан турабыз
... баш кийимди чечебиз
... акырын бийлейбиз
Мамлекеттик гимн канча варианттын ичинен тандалып алынган?
Кыргыз Республикасынын азыркы гимнинин тексти 238 тексттин ичинен тандалып алынган. Бул тууралуу 2012-жылы Жогорку Кеңештин жыйынында гимндин текстинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев билдирген. Автор гимндеги айрым сөздөр көпчүлүккө жакпай жатса, аларды өзгөртүүгө макул экенин да айткан.
Кийинки суроо
281
238
244
Азыркы учурда мамлекеттик гимндин экинчи куплети ырдалабы?
2012-жылы Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын чечими менен мамлекеттик гимнди кыскартуу чечими кабыл алынган. Гимндин "бейкуттук", "досторуна даяр дилин берүүгө" деген саптары бар 2-куплети ырдалбай калганына 4 жылдан ашты. 1, 3-куплеттери калтырылган, бул куплеттер гимндин кайырмасы менен кошо аткарылат.
Кийинки суроо
Жок, ырдалбашы керек
Ооба, ырдалат
31-августта гана ырдалат
Гербдеги куштун куйругун "кыздын юбкасына окшош" деп ким сындады эле?
Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Исмаил Исаков гербдеги канаттуунун куйругун кыздын юбкасына окшоштуруп, ал эми буттары сынып калгандай көрүнөрүн айткан. Исаковду коштогон башка депутаттар гербдеги көлдүн сүрөтү да ар башкача тартылып келе жатканын сындашкан.
Кийинки суроо
Турсунбай Бакир уулу
Өмүрбек Бабанов
Исмаил Исаков
Мамлекеттик гербге кайсы канаттуунун элеси түшүрүлгөн?
Гербге ак шумкар тартылган. Ак шумкардын артында көл, анын ары жагында кыргыздын Ала-Тоосу. "Манас" эпосунда ак шумкар Манас баатырдын кушу деп баяндалат.
Кийинки суроо
Бүркүттүн
Ителгинин
Ак шумкардын
Конституцияда "мамлекеттик символдор" деп кайсылар аталат?
Мамлекеттик символдор - гимн, герб, желек. Баш мыйзамдын 11-беренесинин 1-пункту: "Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго – тууга, гербге, гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет".
Кийинки суроо
Гимн, герб, желек
Гимн, герб, желек, Конституция
Гимн, герб, желек, Конституция, сом
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Сиздин баллыңыз
93
ТУУРА ЖООП:12
КАТА ЖООП:1
ЖАЛПЫ:13 СУРОО
15tuura
8 kata
15 туура
5 ката