super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Казакстандык белгилүү продюсер Баян Есентаева 43 жашка толду

 
Бахытбек Есентаев менен
Улуу кызы Айсауле
Ырчынын кичүү кызы Айару ашпозчулук өнөрү менен Инстаграмда популярдуу.

Белгилүү казакстандык продюсер, актриса, алып баруучу жана ырчы Баян Есентаева 43 жашка толду. Ал 1974-жылы 9-январда Казакстандын Уральск шаарында жарык дүйнөгө келген. Баян Есентаева кичинесинен эле артист болом деп чоңойгон, бирок анын каалоосуна апасы каршы чыгып, педагогикалык университетке тапшыртып коёт. Мугалимдик кесип боюнча 3 жыл билим алгандан кийин болочоктогу продюсер кино факультетине которулуп кеткенин ата-энеси кеч билишет.

Есентаева атак алып келген алгачкы ролун 1993-жылы "Махабат станциясы" тасмасында ойногон. Андан соң журналистика факультетин бүтүрүп, 7 жыл телевидениеде диктор болуп, кийинчерээк өзүнүн автордук берүүлөрүн алып бара баштайт. Ырчы катары "Жас канат", "Азия дауысы" сынактарынын лауреаты болуп калган Баян 2006-жылы продюсерлик менен алектенүүнү туура көрүп, "КешYOU" кыздар тобун ачкан. Мындан тышкары ал "Lashyn" тобунун жана "Түрквизион-2014" сынагынын жеңүүчүсү Жанар Дугалованын продюсери. Ошондой эле "Астана - менин сүйүүм", "Гашык журек", "Махабатым журегимде" тасмаларында роль жараткан. 20 жашында Бахытбек Есентаев менен баш кошуп, Айсауле жана Айару аттуу кыздуу болгон.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 10-июнда саат 12:15 чамасында май куюучу жайда Есентаева күйөөсү Бахытбек Есентаев менен уруша кеткен. Андан соң күйөөсү аны ур-тепкиге алып, бычак сайып жиберген. Есентаева "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Мындан улам Бахытбек Есентаев "адам өлтүрүүгө аракет кылды" деп айыпталып, 2 ай камакка алынган. 20-июнда продюсер ооруканадан үйүнө чыгарылып, октябрь айында болгон сот жараянында Бахытбек Есентаевге карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны залдан бошотууну өтүнгөн. "Баян бул маселе боюнча сарсанаа болуп, күйөөсүн кызы үчүн кечирди жана соттон эркинен ажыратпаган чечим чыгарууну өтүндү", - деген Б.Есентаеванын адвокаты. Продюсердин ата-энеси кызы жолдошунун кызганчаактыгынын айынан мурунтан эле ажырашкысы келип жүргөнүн, "көзүмө чөп салып жүрөт" деп жубайынан шектенген жолдошу ушул кадамга барганын айтышкан.

Баян Есентаева бүгүнкү туулган күнүн Вьетнамдагы Хон-Тре аралындагы 5 жылдыздуу мейманканалардын биринде өткөрүп жатканын казакстандык маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Ал жакка кичүү кызы Айару, ырчы Айдана Маденова жана сиңдиси Багым Мухитденова менен сапар тарткан.

9-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.01.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аракеттенген адам гана бийиктерди багынттат
Озу кандай адам билбейм бирок мага жагат
Лидер айым кут болсун туулган кунунуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: