super.kg logo
  Саясат  

Олег Панкратов: "Биздин товарлар Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу өткөрүлүүдө"

 

“Казакстан Кыргыз мамлекетинин азык-түлүгүн өз аймагы аркылуу Орусияга өткөрүүгө тыюу салды деген маалымат жалган”. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов 10-январда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Массалык маалымат каражаттары сенсация кууп, Казакстан биздин товарларды авиатранспорт жана автотранспорт менен ташууга тыюу салганын, темир жол транспорту менен гана алып өтүүгө уруксат бергенин жазышууда. Биздин азык-түлүктөр чек арадан тоскоолдуксуз өтүүдө. Тилекке каршы, акыркы мезгилде бизде ветеринардык чөйрөгө жетишерлик көңүл бурулбагандыктан биздин эт, сүт азыктарыбыз өтпөй жатат. Биз бул маселени сүйлөшкөнбүз, казак өнөктөштөрүбүз азык-түлүктөрүбүздү Орусияга темир жол транспорту менен алып өтүүгө уруксат берген”, - дейт Панкратов.

Депутаттар өкмөттөн элдин башын айландырбоо үчүн ММКларга расмий түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: