super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Серенада" тасмасы эротикасы жок, үй-бүлө менен чогуу көрүүгө арналган музыкалык комедия" дейт режиссёр Рустам Аташов

 

Бүгүн, 11-январда "Кинозал" бөлүмү жаңы, эксклюзивдүү "Серенада" тасмасы менен толукталды. Тасма 2014-жылы тартылган, режиссёру - Рустам Аташов. Анда Нургазы Калдаров, Зарина Эгембердиева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.

Режиссёр тасма тууралуу мындай дейт:

"Тасмада башкы каармандар Мээрим менен Нургазы тууралуу баяндалат. Мээрим ата-энеси жок, балдар үйүндө тарбияланган кыз. Кийин бой жеткенде "Менин ата-энем, урук-туугандарым ким болгон?" деп ойлонуп, тек-жайын изилдеп айылга келет. Анан ошол жерде күтүлбөгөн окуя болуп кетет, тагыраагы, кызды ала качып кетишет. Нургазы кыялкеч, ырчы болгусу келет, ага эжелери байдын кызын алып беребиз деп жүрүшкөн болот. Анын алып келген кызы жетим экенин угуп кетирип салышат. Ошондо кызды жакшы көрүп калган башкы каарман аны издеп шаарга жөнөйт. Куса болуп ыр чыгарып, белгилүү болууга жетишет. Ошентип, тасмада акча, байлык менен эле эмес, чыныгы сүйүү менен ийгиликке, бактылуу жашоого жетсе болору айтылат".

Рустам Аташов: "Менталитетке ылайык келбегендиктен, бул тасмада эротика жок, үй-бүлө менен чогуу көрүүгө ылайыкташкан музыкалык комедия", - деп кошумчалады.

"Серенада" тасмасын бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.01.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рустам аташов эркектер 3качан чыгат
11.01.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыры чыгыптырда ушул кино биздин айылда да тартылган болчу
11.01.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мурунку тарткан "кинолору" менталитетке дал келет бекенби? :)
11.01.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Серенада мага жакпайт. Ото начар тартылган.Мага эркектер 2 жагат
11.01.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Режиссёр Аташовтун тарткандары озуно эле жакпаса, кино деп айткандан да уялмакмын.
11.01.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аташов жакшы тартат продюсеры жаманго Аташовго берсе продюсерлер акча тарта беретда гептин баары продюсерлерде
12.01.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аташов жакшы кинолорду тартат мага абдан жагат.Ишинизге ийгилик дагы жакшы кинолорду кутобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: