super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: "Түнкү күзөт", "Кыйраткыч күч" тасмаларынын жылдызы, орусиялык актёр Константин Хабенский 45 жашка толду

 
Биринчи жубайы Анастасия Хабенская менен
Уулу Иван менен
Экинчи жубайы Ольга Литвинова менен

"Түнкү күзөт", "Кыйраткыч күч" тасмаларынын жылдызы, орусиялык актёр Константин Хабенский 45 жашка толду.

Ал 1972-жылы 11-январда Орусиянын Ленинград шаарында жарык дүйнөгө келген. 1990-жылы Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган. Окууну аяктаган соң "Перекрёсток" эксперименталдык театрында, андан соң Москва, Петербургдагы театрларда иштеп, "Трехгрошовая опера", "Сирано де Бержерак", "Войцек", "В ожидании Годо", "Король, дама, валет", "Калигула", "Утиная охота" спектаклдеринде ойногон.

1994-жылдан баштап актёр телекөрсөтүүлөрдө алып баруучу болуп эфирге чыгып, фильмдердин эпизоддоруна тартыла баштаган. "Байлар үчүн үй" тасмасында ал башкы ролдордун бирин жаратып, бул ролу үчүн "Адабият жана кино" фестивалында "Эң мыкты эркектин ролу" наамын алган. Аны 2000-жылы чыккан "Кыйраткыч күч" сериалы атактуулукка жеткирген.

2004-жылы экрандарда К.Хабенский башкы ролдо ойногон биринчи орусиялык блокбастер - "Түнкү күзөт" тасмасы пайда болот. Мындан тышкары актёр белгилүү "Адмирал", америкалык "Өзгөчө кооптуу", "Ак гвардия", "Географ глобусту ичкиликке сарптады" жана башка бир катар тасмаларда роль аткарган. К.Хабенский жалпысынан кинодо 40тан ашык, Петербургдагы жана Москвадагы театрларда коюлган спектаклдерде 30дай роль жараткан.

2000-жылы 12-январда актёр журналист Анастасия Хабенская менен баш кошкон. 7 жылдан соң Иван аттуу уулдуу болушуп, 2008-жылы Анастасия мээсиндеги шишиктен улам көз жумган. 2013-жылы актриса Ольга Литвиновага үйлөнгөн.

К.Хабенский рак илдетине чалдыккан балдарга жардам көрсөтүүчү кайрымдуулук фондун негиздеген. 2015-жылы актёрдун катышуусундагы "Ыкма" деген аталыштагы тасманын бет ачары болуп өткөн.

11-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: