ЭЛДИК ВИДЕО: Женнифер Лопес эжесине Криштиану Роналдунун кучагын белек кылды
"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Женнифер Лопес эжесине Роналдунун кучагын белек кылды" деген аталышта видео жүктөлдү (ник: I_love_dance).
Жакында эле "Мыкты футболчу" наамын алган Криштиану Роналду жакын таанышы Женнифер Лопеске аталаш эжесинин туулган күнүнө белек жасоого жардамдашканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү ырчынын айтымында, анын эжеси, ошол эле маалда жардамчысы футболчунун күйөрманы болот. Анын туулган күнүнө Роналдунун келиши эң кубанычтуу окуя болмок.
Португалиялык футболчу Женнифер Лопестин сунушунан баш тарта албай, күйөрман кызынын туулган күнүнө келип кучагын жайган. Кеченин ээсине бул белек жакканын видеодон көрүүгө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Роналду гейге окшошко