ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо, 76 жашка толмок







Жубайы Давлет жана кызы Сюита менен
Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай Абдыкадыров 1963-жылы Ош педагогикалык окуу жайынан билим алган. Эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, Жалал-Абад театрында баштаган. Андан соң борбордогу филармонияга келип иштеген.
Кыргыз музыка дүйнөсүндө өчпөс из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган.
1988-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген наам алган соң, "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Р.Абдыкадыров 360 чамалуу обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.
Р.Абдыкадыров 3 ирет нике жаңырткан деп айтышат. Алгач Кара-Кулжа элдик театрында иштеп жүрүп жашоодогу тун сүйүүсү Тотуга жолугуп, экөө баш кошуп, 2 кыздуу болушкан. Ортолорунда кайсы бир себептерден улам мамилелеринин муздай баштаганы байкалып, ошол кезде ырчы кургак учук оорусуна кабылып, Фрунзеге ооруканага келет. Жубайы менен ажырашып, ооруканадан өзүн дарылаган Оңолго үйлөнгөн. Экөө дагы ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашып кетишкен. 1969-жылы Давлет аттуу кыз менен баш кошуп, 25 жыл чогуу жашашкан. Экөөнүн ортосунда Сюита аттуу кызы бар.
Замандаштарынын айтымында, Р.Абдыкадыров ичинде кири жок, алабарман, ак көңүл, ошол эле кезде бетке чабар, ачуусу чукул, жактырбаган адамга ачылып сүйлөбөгөн адам болгон.
Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгондо гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, кийин Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулуп, коомдук фонд да уюштурулган. Рыспай Абдыкадыровго "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы тирүү кезинде берилбей калган.
12-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Tunerbei1812

12.01.2017. 09:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз музыкасындагы салымы тендешсиз. Наамдарынын баарын олгондон кийин берилгендиги окунучтуу экен.
ekaterinburg

12.01.2017. 09:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу инсан...Бул кишидей обончу эч ким боло албаса керек эми.Аккардеонист-виртуоз,суткалап уккун келет обондорун.Очпос талант...
BekAmir

12.01.2017. 09:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызга бир берилген очпос Жылдыз
Saribulak

12.01.2017. 11:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы ХХХ эл артисти деп эсептебейм. Арзан болуп кетти ото эле
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-12 11:14:08
admin_portal

12.01.2017. 11:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Saribulak, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.