super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: "Кыргыз кереметинин" көрүнүктүү өкүлү, залкар режиссёр Болот Шамшиев 76 жашка толду

 
"Ак кемени" тартуу учурунда каарманы Орозкул менен
Режиссёр "Аптап" тасмасында актриса Даркүл Күйүкова менен
Мурунку жубайы, актриса Айтурган Темирова

Бүгүн, 12-январда "Кыргыз кереметинин" таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр Болот Шамшиев 76 жашка толду. Режиссёрду туулган күнү менен куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, ден соолугуна байланыштуу үйдө дарыланып жатканын айтты.

"Ооруп калганыма байланыштуу учурда үйдө дарыланып жатам. Биринчи болуп жубайым, балдарым өздүк майрамым менен куттукташты", - деди ал. Ошондой эле атактуу режиссёр учурда Кожомкул балбан тууралуу чыгарма жазып жатканын айтып, колдоо көрсөтүлүп, каражат табылса, буга чейин жазган чыгармасын тарыхый сериал кылып экрандаштырууга даяр экенин билдирди.

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Белгилүү акын Төлөн Шамшиевдин уулу. Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев 1965-жылы Бүткүл орусиялык кинематография институтун бүткөн. Окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча орусиялык режиссёр Лариса Шепитько тарткан "Аптап" кинофильминде башкы каармандын (Кемелдин) ролун аткарган. Алгач "Манасчы" (1965), "Чабан" (1966) аттуу даректүү фильмдерди тартып, андан кийин 1968-жылы казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун чыгармасы боюнча өзүнүн "Караш-Караш окуясы" деген алгачкы көркөм фильмин жаратат. 1972-жылы "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильмин тарткан. Жогоруда аты аталган фильмдерине Орто Азия жана Казакстан, бүткүл союздук, эл аралык кинофестивалдарда алдынкы байгелер ыйгарылган.

Болот Шамшиев адамдардын ой-санаасын, мүдөөсүн чагылдырган көйгөйлүү темаларга кайрылып, аларды кинодогу кейипкерлердин ички сезими аркылуу кылдат ачууга, драмалуу терең чиеленишти лирикалык ыкласта берүүгө умтулган. Ч.Айтматовдун повести боюнча 1975-жылы тарткан социалдык-этикалык жана философиялык маанидеги "Ак кеме" фильми Бишкек шаарында өткөн Бүткүл союздук 9-кинофестивалда баш байгеге, Италияда баш байгеге, Чехословакияда атайын байгеге татыктуу болгон. Ал эми "Эрте келген турналар" фильмине Дүйшөмбү шаарында өткөн Бүткүл союздук 13-кинофестивалда баш байге ыйгарылган.

Ал мындан сырткары "Сүйүү жаңырыгы", "Адамдардын арасында", "Эрте жаздагы турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямага чыгуу" тасмаларынын режиссёру.

Болот Шамшиев Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган. 2016-жылы анын 75 жылдыгы белгиленген. Ошол жылдын ноябрь айында кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган мааракеде "Түрксой" уюму тарабынан режиссёр алтын медаль менен сыйланган. Аталган сыйлык Болот Шамшиевге түрк элдеринин кино тармагына кошкон салымы үчүн ыйгарылган. 2 кыз жана 3 уулдун атасы.

12-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.01.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп жашасын. Кыргыз элинин алдындагы эмгеги зор. Аны баалоо керек. Азыркы женил желпи кино тартуучулар улгу алып, кенешин угушсун ушу кишинин. Оозуна тукуртуп алышса да ашыкча болбойт эле.
Tunerbei1812 түзөттү 2017-01-12 11:56:40
12.01.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы жубайы 41 жаш кичуу экен да озунон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: