super.kg logo

ТЕСТ: Сүйүү баяны - Жамийла+Данияр, Акмөөр+?

 

Бүгүн, 14-февраль – бейформал түрдө Кыргыз жеринде сүйүү күнү белгиленет. Бүгүнкү күн айрыкча жаштар арасында популярдуу, сындалып да жүрөт. Кыргыз тарыхында, адабиятында сүйүүнү даңазалаган каармандар тууралуу сөз кылалы. Кайсы чыгармадагы сүйүшкөндөр эсиңизде? Суроолор автордун өзүнө да байланыштуу түзүлдү.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Барпы Алыкулов ырга айланткан пери?

Барпы Алыкуловдун "Мөлмөлүм" деген ыры бүгүнкү күнгө чейин ырдалып жүрөт. Ыр Мөлмөл деген деген айымга арналган.

Кийинки суроо


Канышай
Гүлүмкан
Мөлмөл

Жеңижоктун түгөйү.

Жеңижок акындын алган жары - Көксулуу. Жеңижок ашыгына арнап ...Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу... деп ырдаган.

Кийинки суроо


Көксулуу
Нурсулуу
Күнсулуу

“Сынган кылычта” кудалап койгон жерин чанып, жактырганы Темирди ээрчип келе берген кыз?

Романда өз тагдырын өзү чечип, кудалап койгон жерин чанып, Темирди жактырып, аны менен качып келе берген жаш келин Айзаданын тагдыры абдан таасирдүү баяндалат. Жаңы үйлөнгөн Темир салгылаштардын биринде каза болуп калат.

Кийинки суроо


Акзуура
Акмаржан
Айзада

Эр сайышта Манасты ашык кылган баатыр кыз?

"Манас" эпосунда Манас баатыр менен Кыз Сайкал эр сайышка түшкөн эпизод бар. Ошондо Манас "өзүм ала турган кыз экен" деп Кыз Сайкалды аяп, эр сайышты ага утулуп кала жаздайт. Манас аны жубайлыкка алуу оюн айтканда, Кыз Сайкал баш тартып, акыреттик жар болууга ант берет.

Кийинки суроо


Акбермет
Кыз Сайкал
Арууке

"Кылым карытар бир күн" романындагы “Махабат дастаны” кимдерди эске салат?

"Кылым карытаар бир күн" романындагы Раймаалы менен Бегимай жөнүндөгү уламыштагы сүйүү баяны. Жашы улгайып калган Раймаалы жаш кызга минтип ырдайт: Каректен нуруң төгүлүп, Кат-каттап санаам бөлүнүп. Кайгыга салдың карындаш, сен, Картайган кезде көрүнүп...

Кийинки суроо


Мураталы менен Бүкөйдү
Жеңишбек менен Жамалды
Раймаалы менен Бегимайды

Токтогулду "бир күн оору, бир күн соо" абалына жеткирген сулуу.

Алымкан - Токтогулдун сүйгөн селкиси, “Алымкан” аттуу ырдын каарманы. Маалыматтарга таянсак, Токтогул Аксынын Кашка-Суу жайлоосунан Алымканды көрүп, көзү түшөт. Бирок Алымканды атасы мурда кудалашкан жерине берет.

Кийинки суроо


Алымкан
Айымжан
Ак эркеч

Лирика-эпикалык дастанында Олжобай менен ...?

"Олжобай менен Кишимжан" - кыргыздын лирика-эпикалык дастаны. Дастандын бир нече варианты бар. Чыгармада Олжобай менен Кишимжандын таза сүйүүсү, туруктуу жакшы сапаттары бийик үлгү катары сүрөттөлөт.

Кийинки суроо


Кишимжан
Гүлүмжан
Асылкан

“Гүлсарат” повестинде Танабайдын “жашыруун” сүйүктүүсү?

Сүйүү темасы “Гүлсарат” повестинде да чагылдырылат. Аскерден күйөөсү кайтпай калган жаш келин Бүбүжан көңүлүн кайраттуу, иштин майын чыгара жасаган Танабайга арнаганы тууралуу айтылат.

Кийинки суроо


Сейде
Бүбүжан
Керез

Өчпөс сүйүүнүн баяны. Боогачы менен ...

Үкөй - кыргыздын төкмө акыны Боогачы ашык болгон сулуу. Боогачы-Үкөй окуясынын эл арасында түрдүү версиялары айтылып жүрөт. Боогачы Үкөйгө жеткен эмес деген да, жетип үйлөнгөн деген да маалыматтар бар.

Кийинки суроо


Үпөл
Үкөй
Саадат

"Делбирим" повестинде Ильяздын сүйгөнү?

"Делбирим" повестинде Асел менен Ильяздын сүйүүсү көпкө созулбайт. Ильяз унаасы менен Долон ашуусунан оор жүктү тартып чыга албай кырсыкка кабылгандан кийин үй-бүлөлүк турмушу да кыйрайт. Асел башка адамга баш кошот.

Кийинки суроо


Кенже
Бурулсун
Асел

Сүйүктүүсү каза тапканын уккан кыз унаасы менен атайын даракты сүзүп жанын кыят. Сооронбай Жусуевдин кайсы поэмасы жөнүндө сөз болууда?

Сөз "Канат менен Зарина" поэмасы жөнүндө. Жигити мезгилсиз каза тапканын уккан кыз, өз жанын кыюуга бет алат. Автоунаасын жогорку ылдамдыкта айдап баратып дарактарды сүзүп каза табат. Поэма болгон окуянын негизинде жазылган.

Кийинки суроо


Канат менен Зарина
Болот менен Айжамал
Кубат менен Гүлүмкан

Дастанга айланган Аксаткындын ашыгын табыңыз?

"Аксаткын менен Кулмырза" - лирикалык дастан. Дастандын бир нече варианты бар экени белгилүү. Дастанда бузукулардын жолтоосунан баш кошо албай калган ашыктардын сүйүү сезими, алардын кейиштүү тагдырлары баяндалат.

Кийинки суроо


Бекмырза
Кулмырза
Төрөбай

“Жамийла” повести. Жамийла менен ...?

Жамийла - согушка кеткен күйөөсүн күтпөй Даниярды ээрчип кеткен каарман. "Жамийла" повести жарык көргөндө андагы Жамийланын сүйүү үчүн күрөшү сынчылар тарабынан "кыргызга жат көрүнүш" деген катуу сындарга кабылганы айтылат.

Кийинки суроо


Чоробек
Сейит
Данияр

“Эрте келген турналарда” Султанмураттын сүйгөнү?

Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" повестинде Султанмураттын Мырзагүлгө ашыктыгы мыкты сүрөттөлөт. Жолугушуулардын биринде Мырзагүл Султанмуратка жүз аарчы берет, анын бир бурчунда С+М деген жазуу болгон.

Кийинки суроо


Жайнагүл
Мырзагүл
Үпөл

Айтылуу сулуу Акмөөргө жетпей калган ким?

"Ак мөөр" поэмасында Ак мөөр сулууга Жантай хан үйлөнүп, Болот сүйүүсүнө жетпей калганы баяндалат. Ак Мөөрдү изилдөөчү Теңизбек Төлөмүшевдин айтымында, Ак Мөөр, Жантай, Болот үчөө тең XIX кылымда жашап өткөн инсандар.

Кийинки суроо


Жантай
Бекназар
Болот

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(24)
14.02.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94балл эн жакшы
14.02.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
107 балл.
Ката суроо экоо экен.
Темирдин суйгону Айзаданы окуган эмес экенмин.
14.02.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
madina.87,Сынган Кылыч китеби. Жакшы китеп окуп коюңуз
14.02.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
87 ball
14.02.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 балл.
Эң оңой суроолор
14.02.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
80 балл
14.02.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
75 балл, мага Семииз 3 койсо болот;)
14.02.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
54
14.02.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулсарыдагы аял каарманды гана билбейт экем бирок Танабайды билчумун, бироо гана туура эмес болуп калдыыы
14.02.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
87 балл)))
14.02.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 балл экен,баарын туура тапсан.
14.02.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл 12 туура 3 ката
14.02.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 балл
14.02.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 балл алдым сонун
14.02.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
94 балл,Сынган кылыч романындагы Айзаданы мен Акмаржан деп ойлоп алыптырмын))
14.02.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
14.02.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
15.02.2017. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олдунго дадин 64 балл. 10 туура 5 ката .Кыргыз тил адабияттан берген эжейим укса чокумду ойот го. Негизи озумду жакшымын деп ойлоп журчуумун.
20.07.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka95,
Окшош экенбиз Бека. Мени да эжейим окуп калса урушат. Даже кыргыз адабиятынан олимпиадаларга барып жүргөнмүн. Турмуш деп жүрүп унутуп калат турбайбызбы
15.02.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл
13.03.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 ball
01.09.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 б
08.12.2017. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 ката,Танабайдын сүйгөнүн билбейт экенмин. 94 балл
20.07.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде 60 балл. Адабиятка кызыгып окучумун. Бүт баары 5 ке бүтүргөн болчум. Эжекем окуп калса точна урушатко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: