super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: Мындан 73 жыл мурун легендарлуу мушкер Жо Фрейзер төрөлгөн

 
Мухаммед Али менен болгон беттеште

Мындан 73 жыл мурун, 1944-жылы 12-январда "Түтөгөн Жо" лакап атка конгон легендарлуу мушкер Жо Фрейзер АКШнын Түштүк Каролина аймагында жарык дүйнөгө келген.

Ал "Токио-1964" Олимпиадасынын чемпиону, WBA, WBC версиялары боюнча Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону аталган. Профессионалдык рингде 37 беттеш өткөрүп, 32син жеңип, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан. 1 ирет тең чыккан.

1971-жылы Мухаммед Алини жеңген биринчи мушкер болуп калган. Эки мушкердин рингде жолугушуусу америкалык ММКлар тарабынан "Миң жылдыктын беттеши" деп аталган. Ошол беттеште 15-раундда Жо жеңилбес Алини нокаутка учураткан. Беттеш тууралуу Али: "Өмүрүмдө өлүмгө мынчалык жакындап көргөн эмесмин",- десе, Фрейзердин: "Эл мени Али менен болгон 3 беттешим үчүн билет жана сүйөт. Менин андан да кызыктуу беттештерим бар. Дүйнө менин жеңилбести жеңишимди каалаган. Жеңип чыгуу менен атым тарыхка жазылды. Бирок ошол эле учурда менин атымдын жанында Алинин аты да катар жүрөрүн билем", - деп айтканы бар.

Фрейзер үч ирет америкалык "The Ring" басылмасынын версиясы боюнча "Жылдын мыкты мушкери" аталса, анын Жерри Куори, Мухаммед Али жана Жорж Форманга каршы беттештери "Жылдын беттеши" деп табылган (1969, 1971, 1973). 1990-жылы анын ысымы мушкерлердин эл аралык атак-даңк сарайына киргизилген. 1998-жылы ошол эле "The Ring" аны бокс тарыхындагы супер оор салмактагы мушкерлердин мыкты сегиздигине киргизген. Фрейзер 15 жылдык профессионалдык карьерасынан кийин 30 жыл машыктыруучу болгон. Анын колунан көптөгөн мушкерлер чыгып, бирок анын ордун эч кимиси баса алган эмес.

2011-жылы мушкерге боордун рагы диагнозу коюлуп, 7-ноябрда көз жумган. 1 уул жана 1 кыздуу болгон.

12-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.01.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок Мухаммед Али реванш алып кайра женген Фрейзерди..
12.01.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ушул мушкерлер боксту дуйнолук атак данкга болуп корбогондой жеткирген. Ал эми азыр боксдун денгеели томондогондон томондоп бара жатат. Оз денгеелин оо Кличкого окшогондор келгенден кийин жогото баштады мен билгенден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: