Санкт-Петербургда белгисиз адамдар тарабынан бычактан жаракат алган Кыргыз жаранынын абалы оор
Санкт-Петербургда белгисиз адамдар тарабынан бычактан жаракат алган Кыргыз жаранынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда орусиялык Life.ru маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуя 12-январга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Энергетиктер көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адамдар 32 жаштагы Кыргыз жаранын бычактап, бетин тилип кетишкен. Ага операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Азырынча жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Ушулардын убалы бийликтегилерге жетсин ылайым!!!!
Сакайып кетсин байкуш.Кор болдук го ботон жерде.