super.kg logo

Ала-Бука. Маркумдун сөөгүн казып алууга тиешеси бар тургундар 3 жылга шарттуу кесилишти

 

Ала-Бука районунда баптизм агымындагы каза болгон аялдын сөөгүн көмүлгөн жеринен казып алган факт боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун тургуну, маркумдун кызы Жылдыз Азаева билдирди.

"Көрүстөнгө коюлган апамдын сөөгүн кайра-кайра казып алуу фактылары боюнча соттук отурум болуп, 1989-жылы туулган 3 бала 3 жылга шарттуу кесилди. Алар соттун бул чечимине макул болушкан жок. Анткени алар сөөктү казып жатканда алардан башка дагы адамдар болгонун, алардын баары казууга көмөктөшкөнүн, ошол жерде айылдын аксакалдары да болгонун айтышты", - деп билдирди Азаева.

Маалыматка ылайык, шарттуу кесилген адамдар Ала-Бука айыл аймагынын жашоочулары. Кийинки соттук отурум маркумдун сөөгүн казууга катышкан эки адамдын үстүнөн жүргүзүлмөкчү. Азырынча отурум кайсы күнү өтөрү белгисиз.

"Соттук отурумдар, тергөө, жыйындар, ызы-чуулар - мунун баары район акиминин иш билбегенинен, анын шалаакылыгынан болуп жатат. Эң эле жөнөкөй ишти өз орду менен аткарып койсо мындай жаңжалдар болмок эмес. Сөөктү казып алып жатканда милициянын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери да болгон. Мындан ары иштин жүрүшү мыйзамдуу болушун каалайм. Мен эч кандай тосмо арыз бербейм. Ар ким өз кылганы үчүн жазасын алышы керек. Аким менен жергиликтүү молдолор маркумдан жана биздин үй-бүлөдөн кечирим сурашы керек", - деп кошумчалады Жылдыз Азаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.01.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башка динди кабыл алаардан мурда ойлонуш керек болчу,уялбай кечирим сурасын дегенин. Ислам мамлекеттеринде жашагында корот элем акыбалынды... Динин саткан чыккынчы
13.01.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
BekAmir,вот именно биз ислам мамлекетинде эмес конституциялык олкодо жашайбыз. Биз Кыргызстанда жашайбыз Афганистанда эмес.
13.01.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кайсыл олкодо жаша баары бир кордон олгон адамды казып алган бул акмакчылык. Камагыла жазасын алышсын. Куранда деле жазылган эмес олукту шылдындоо
13.01.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буларга жаза женил берилиптир.Башкаларга сабак болуш учун бул балдарга катуу жаза колдонуш керек болчу.Ал эми айылдын чала молдолоруна дагы чара коруш керек.Кыргызга кыргыздын корун каздырып коюп тиктеп тургандарга наалат.Ата бабаларыз качан олукту кордочу эле.Бул чала сабат ,ээрчиме ,кууломо диний фанаттарга чон сабак болсун
isabek1977 түзөттү 2017-01-13 18:37:21
13.01.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Не уч жыл отбой калат бекен уч жылдан кийин чыгып ошол кечирим сура деген кызыны батбиз апасынын жанына комот ошондо эч ким ун чыга албайт
13.01.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаш балдарды каматып не пайда пайда табат? Же акча тилеп атабы?
13.01.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бапсистер айына акча беришет болчу
14.01.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй кыз сен аларды кечирим сурашын каалабай апан учун АЛЛАДАН КЕЧИРИМ СУРА. Жердин алды бирдей баарыбызга, ким кай жерде комулбосун!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: