Өлкө аймагында катталган кылмыштардын ар бир үчүнчүсү Бишкек шаарынын аймагында болот
2016-жылы өлкөдө катталган кылмыштардын 38,4 пайызы Бишкекте катталган. Бул ар бир үчүнчү кылмыш Бишкек шаарынын аймагында болот дегенди билдирет. Адистердин баамында, буга ички миграциянын активдүүлүгү себеп болууда.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 2016-жылы кылмыш кылган 3741 адам аныкталып, алардын 1984ү кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын арасында 18 жаштан 24 жашка чейин жана 30 жаштан 49 жашка чейинкилер басымдуулук кылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.