ЖЫЛНААМА, 13-ЯНВАРЬ: 13 жыл мурун Өзбекстанда учак кулап, 37 адам курман болгон
Мындан 13 жыл мурун, 2004-жылы 13-январда Өзбекстандын борбор калаасы Ташкенттин аэропортунда Термезден келе жаткан ЯК-40 учагы кулап, ичиндеги 37 жүргүнчүнүн баары каза болгон. Учакты кондурарда экипаж мүчөлөрү учуп-конуучу тилкенин алкагынан чыгарып жиберишкен. Мындан улам учак талкаланууга учураган. Анда 32 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү, мындан сырткары жүргүнчүлөрдүн 220 килограмм жүгү жана бакта 3300 килограмм күйүүчү май болгон. Курман болгондор Өзбекстан, Ооганстан, Улуу Британия, Канада өлкөлөрүнүн жарандары болгон.
13-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.