super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэрин шайлоодо утулган талапкердин арызы четке кагылды

 

Бүгүн, 14-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин шайлоонун протоколдорун жараксыз деп табуу боюнча арызын карады.

Жумушчу топтун 5 мүчөсүнүн 4ү бул арызды четке кагуу боюнча добуш берди, бири калыс добушун берди.

Арызды четке кагууга макул болбогон Атыр Абдрахматова мэрди шайлоонун мыйзамдуу болушунан шек санады. "Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов жана БШК мүчөсү Бахтияр Кадыров жумушчу топтун отурумунда "мэрди шайлоо учурунда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы өткөн эмес" деп айтышкан. "Мэр шаар кеңешинин сессиясында шайланышы керекпи?" деген маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна жөнөтүү керек. Ошондой эле мэрди шайлоо учурунда депутаттар добуш берген бюллетендерди карап чыгуу зарыл", - деди Абдрахматова. Бирок анын эки сунушу тең жумушчу топтун калган мүчөлөрү тарабынан колдоо тапкан жок.

Айта кетсек, 11-январда Бишкек мэрин шайлоо өтүп, анда Албек Ибраимов жеңишке жеткен. Ал 29 добуш топтогон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болгон. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: