super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк "Битлз" күнү

 

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк "Битлз" күнү. Бул күн майрам катары 2001-жылдан тарта ЮНЕСКОнун чечими менен белгиленип келет. Бул дата бекеринен тандалып алынган эмес, анткени 1957-жылы 16-январда Англиянын Ливерпул шаарында "The Cavern" клубу ачылган. Жаш музыканттар Жон Леннон, Пол Маккартни жана Жорж Харрисон дал ушул клубдан атактуулукка карай сапарын башташкан. Бир нече жылдардан кийин алардын катарына "Битлздин" дагы бир мүчөсү Ринго Старр кошулган.

Ал эми 1964-жылы 16-январда америкалык журналдардын бири "Битлз" тобунун "I Want To Hold Your Hand" ырына хит-парадда 1-орунду берген. Топ түзүлгөндөн баштап 8 жыл бою курамы өзгөрбөй иштеген. Ушул убакыттын ичинде "Битлз" 13 ыр жыйнагын чыгарып, андагы ар бир ыр хитке айланган. Бүткүл дүйнөлүк атак-даңкка топ 1963-жылы "Please Please Me" деген ырынан соң жеткен.

"Битлз" дүйнөлүк музыканын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, бир катар белгилүү композиторлор жана аткаруучулар алардан үлгү алышкан. Ошондой эле бул топ үн жаздырууда жана клип тартууда жаңы ыкмаларды колдонушкан.

"Rolling Stone" журналынын версиясы боюнча, бүгүнкү күндө "Битлз" бардык убактардагы улуу аткаруучулардын тизмесинде биринчи орунду ээлейт. Жыл сайын 16-январда атактуу топтун урматына ар кандай эскерүү иш-чаралары, анын ырларынын кавер-концерттери өткөрүлүп турат.

16-январга карата жылнаама.






 
 Кыстарылган аудио 

The_Beatles_-_Yesterday

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: