super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: Орусиялык ырчы, композитор Игорь Николаев 57 жашка толду

 
Алгачкы сүйүүсү, биринчи жубайы Елена менен
Экинчи жубайы Наташа Королёва
Азыркы жубайы Юлия Проскурякова менен

Орусиялык композитор, ырчы Игорь Николаев 57 жашка толду. Ал 1960-жылы 17-январда Орусиянын Холмск шаарында төрөлгөн. 1974-жылы Игорь Николаев скрипка классы боюнча музыкалык мектепти аяктап, Сахалин музыкалык окуу жайына тапшырган. Бир жылдан соң Москвага сапар тартып, окуусун ал жактан уланткан.

1980-жылдан тартып Алла Пугачёванын "Рецитал" аттуу ансамблинде иштеп, ошол эле жылы Москвадагы Маданият институтун бүтүргөн. Ал эми 1983-жылдан тарта Алла Пугачёва "Айсберг", "Расскажите, птицы" сыяктуу Игорь Николаевдин калемине таандык ырларды ырдап чыга баштаган. Анын көпчүлүккө белгилүү ырларынын катарын "Паромщик" (Алла Пугачёва), "Комарово" (Игорь Скляр) жана башкалар толуктайт. И.Николаевдин ырчылык карьерасы 1986-жылы "Мельница" ырынан башталган. Бир жылдан соң ыр жыйнагын чыгарып, А.Пугачёва менен Японияга гастролго чыгып, чыгармачылык менен кызуу алектене баштаган.

1990-жылы ырчы Наташа Королёванын "Жёлтые тюльпаны" ыр жыйнагынын чыгышына жардам берген. Ушул мезгилден тарта экөө үй-бүлөлүк жана чыгармачыл бирикме түзүшөт. И.Николаев бир нече ирет "Жылдын композитору" наамына ээ болгон. 2001-жылы "Орусия Федерациясынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" аталып, "Пять причин" жыйнагы үчүн "Золотой граммофон" сыйлыгын алган. Ал Валерий Леонтьев, Филипп Киркоров, Валерий Меладзе жана Хулио Иглесиас өңдүү белгилүү ырчылардын чыгармаларына обон жараткан.

Жеке жашоосу

Композитордун карьера жасашына анын алгачкы жубайы Елена колдоо көрсөткөн. 1978-жылы экөө Юлия аттуу кыздуу болушкан. Көп өтпөй ажырашып, 1994-жылы ырчы Наташа Королёва менен баш кошкон. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам бул никеси дагы ийгиликсиз болуп, 2010-жылы И.Николаев ырчы Юлия Проскуряковага үйлөнгөн.

17-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.01.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doni99, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
17.01.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наташа Королева менен ырдаган делфин и русалка деген ыры жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: