Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча Ош шаарында 3 күн сүйлөшүү жүрдү
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын вице-премьерлери Жеңиш Разаков менен Адхам Икрамов 15-17-январда Ош шаарында жолугушуу өткөрүп, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Тараптар чек аранын тактала элек тилкелери боюнча позицияларды тез арада макулдашуу зарылдыгын билдиришти. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдашышты.
Бул жолугушуу президент Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын декабрь айында Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында эки өлкө президенттеринин ортосундагы жетишилген макулдашуулардын алкагында өткөнүн билдиришти өкмөттөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

