ЖЫЛНААМА, 18-ЯНВАРЬ: "Жан сакчы" тасмасындагы ролу менен белгилүү болгон америкалык актёр Кевин Костнер 62 жашка толду






Жубайы жана уулу менен

"Жан сакчы" тасмасында Уитни Хьюстон менен роль жараткан

Америкалык киноактёр, "Жан сакчы" тасмасындагы ролу менен белгилүү болгон Кевин Костнер 62 жашка толду. Ал 1955-жылы 18-январда АКШнын Калифорния штатындагы Линвуд шаарында туулган. Кевин Костнер актёр гана эмес, продюсер, режиссёр жана музыкант дагы. Ал эки жолку "Алтын глобус" (1991, 2013), "Эмми" (2012) сыйлыктарынын ээси. 1991-жылы "Мыкты тасма" жана "Мыкты режиссёрлук иш" номинациялары боюнча эки "Оскарга" ээ болгон.
Актёр "Кол тийбестер" (1987), "Карышкыр менен бийлеген адам" (1990), "Робин Гуд: Уурулардын принциби" (1991), "Суудагы жашоо" (1995), "Почточу" (1997), "Куткаруучу" (2006), "Укмуштар талаасы: Локаут" (2011), "Кылмышкер" (2016) жана башка бир нече фильмдерде роль жараткан.
18-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.