super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: Орусиялык ырчы жана актёр Алексей Воробьёв 29 жашка толду

 

Орусиялык ырчы жана актёр Алексей Воробьёв 29 жашка толду. Ал 1988-жылы 19-январда Орусиянын Тула шаарында төрөлгөн. Бала чагынан музыкага кызыгып, бир катар сынактарга катышып, жеңиштерге жетишкен. Мектепти аяктаган соң вокал, аккордеон боюнча билим алып, Москвага келип ырдап, эл арасында тааныла баштаган. Театралдык окуу жайдан билим алып, мыкты актёрдук чеберчилигин көрсөтө алган.

А.Воробьёв "Сумасшедшая", "Ямайка", "Я всегда буду с тобой", "Самая красивая", "Счастлив сегодня и здесь", "Get you" "She's Crazy But She's Mine" жана башка ырлардын аткаруучусу. 2011-жылы "Евровидение" сынагында Орусиянын атынан чыгып, бирок ийгиликке жетише алган эмес.

Ал "Деффчонки" сериалы, "Үч мушкетёр", "Алисанын кыялдары", "Гастролдоочулар", "Лейтенант Кравцовдун 3 күнү", "Бүтпөй калган сабак" жана башка 10го жакын тасмада роль жараткан.

2008-жылы ырчы "Dance4Life" долбоору менен иштеше баштаган. Ошол эле жылы БУУнун СПИД менен күрөшүү боюнча расмий ыктыярдуу элчиси болгон. 2014-жылы Воробьёв режиссёр катары алгачкы кыска метраждуу "Ата" тасмасын тарткан. Ырларынын сөздөрү жана музыкасы өзүнө таандык. Ошондой эле ал өзү тартылган тасмалардагы саундтректердин дагы автору.

Жеке жашоосу

А.Воробьёв учурда бойдок. Анын биринчи сүйлөшкөн кызы ырчы Юлия Василиади болгон. Ошондой эле ал актриса Анна Чиповская, алып баруучу Татьяна Терехова, ырчы Татьяна Навка, актриса Оксана Акиньшина, ырчылар Анна Седокова жана Виктория Дайнеко менен сүйүү мамилелерин курган деген кептер тараган.

19-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.01.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адаттагыдай эле тоок суйуу ушул да жашообу тоба кудайым жер жузундогу адамдарга нысап берсин
20.01.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бунун кимге кызыгы бар чыгарып убара болбогулачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: