super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: Белгилүү орусиялык балет бийчиси Анастасия Волочкова 41 жашка толду

 

Орусиялык балерина Анастасия Волочкова 41 жашка толду. Ал 1976-жылы 20-январда Орусиянын Ленинград шаарында туулган. 5 жашынан тарта балерина болууну кыялдана баштайт. Мектепти аяктагандан кийин Санкт-Петербургдагы Орус балет академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. 2-курста окуп жүргөн кезинде эле Мариинск театрында балерина катары карьерасын баштайт. Балет академиясын аяктаган соң Чоң театрга чакыруу алып, анын көзгө басар балеринасына айланган. 2003-жылы Чоң театрдан чыгып, жеке карьерасын уланткан.

Балерина, бийчи, коомдук ишмер Анастасия Волочкова - Орусиянын Эмгек сиңирген артисти (2002), Карачаево-Черкесиянын Эл артисти жана Түндүк Осетия-Аланиянын Эл артисти. Ошондой эле Серж Лифар атындагы Эл аралык сынактын лауреаты, "Алтын арстан" жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси. Учурда бийчи чет жерлерге барып, балет боюнча мастер-класстарды өткөрүп, концерт берип турат.
2007-жылы юрист, ишкер Игорь Вдовинге турмушка чыгып, Ариадна аттуу кыздуу болушкан. Бир жыл өткөн соң экөө ажырашып, 2013-жылы орусиялык ишкер Бахтияр Салимов менен мамиле курган. Ошондой эле балеринанын ырчы Николай Басков менен сүйүү мамилесинде экени тууралуу кептер эл арасына тараган.
20-январга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: