Кемин районунда 11 жана 7 жашар кыздарын зордуктаган жарандын иши сотко жөнөтүлдү
Кемин районунда 11 жана 7 жашар кыздарын зордуктаган жарандын иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1978-жылы туулган Б.А. 2013-жылдан 2016-жылга чейин 2005-жылы төрөлгөн кызын зордуктап жүргөн. Ошондой эле ал 2009-жылкы кызына да мас абалда бир канча жолу сексуалдык зомбулук көрсөткөн.
Соттук-медициналык экспертиза кыздардын зордукталганын тастыктаган. Кылмышка шектүү Б.А. 2016-жылдын 9-ноябрында кармалып, камакка алынган. Ошондой эле "зордуктоо" жана "ыплас аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш Кемин райондук сотуна жөнөтүлгөн.
2016-жылдын декабрь айында өз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган кыздардын ишин акыйкатчы өз көзөмөлүнө алган болчу.

Өз кызына арамдык кылмак турсун кол көтөргөндөн абайлаган аталардын кусуру ургур.
Дагы ушундай айбандарга бала берип коет экен да.Баладан айлангыр десе.Эл көзүнчө бычып койсо жа аз.
Абакта сазайынды колуна берсе экен.Эркек болуп жаралганына өкүнгүдөй кылышсын!!!