super.kg logo

Эртең "Тумар" бийчилер тобу АКШда өтө турган сынакка катышуу үчүн учуп кетет

 

"Тумар" бийчилер тобу эртең, 24-январда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына эл аралык сынактын тандоо туруна катышуу үчүн учуп кетет. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда маалымат жыйынында белгилүү болду.

"Буга чейин да "Америка таланттарды издейт" сынагына чакыруу алганбыз, бирок каражаттын жоктугунан катыша алган эмеспиз. Бир нече мекендештерибиздин колдоосу менен каражат табылды. Буюрса, эртең таңга маал Американын Нью-Йорк шаарына учабыз. Ал жакта 5 күн болобуз", - деп билдирди аталган топтун мүчөсү жана жетекчиси Эрмек Кадыров.

Топтун мүчөлөрүн шаарда бир жактан экинчи жакка алып баруу, коштоп жүрүү, тамак-аш менен камсыз кылуу маселелери чечилбеген бойдон калууда. Андыктан топтун мүчөлөрү аталган шаардагы мекендештеринен колдоо күтүшөрүн кошумчалашты.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Словакиянын борбор калаасы Братиславада 27-28-ноябрь күндөрү өткөн "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалында "Тумар" бийчилер тобу 3-орунга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
23.01.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик ай барып аман келгиле.
23.01.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик коштосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: