super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-ЯНВАРЬ: 10 жыл мурун кыргыздын туңгуч гитарачысы, көрүнүктүү маданий ишмер Даниал Назарматов көз жумган

 

Мындан 10 жыл мурун, 2007-жылы 24-январда Кыргыз мамлекетиндеги гитара искусствосунун негиздөөчүсү, Маданият министрлигинин мурдагы жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Даниал Назарматов көз жумган.

Дүйнө элдеринин шайырларына орток байыркы чертме музыкалык аспап - гитарада манжаларын жорго салдыра ойногон кыргыздын туңгуч гитарачысы, гитара өнөрүнүн мектебин негиздеген, музыка изилдөөчү, педагог, профессор Даниал Назарматов 1940-жылы Нарын шаарында туулган. 1968-жылы Пётр Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы музыкалык окуу жайда атактуу дүйнөлүк ысымдагы гитарачы Иванов - Крамскойдун классын, ал эми 1976-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрөт. Ал алгачкы эмгек жолун Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан баштаган. Ал жакта 1968-1979-жылдары мугалим, 1969-1971-жылдары Бишкектеги балдардын Шубин атындагы музыкалык мектебинин директорунун орун басары, 1976-1982-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын көркөм жетекчиси, 1982-1990-жылдары директору, ошол эле учурда 1987-жылдан тарта Бүткүл союздук музыкалык коомдун кыргыз бөлүмүнүн төрагасынын орун басары, 1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри, ал эми 1993-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болгон.
Даниал Назарматов 1990-1995-жылдары легендарлуу Жогорку Кеңештин депутаты болуу менен бирге басса-турса, кайда барса да колунан гитарасын түшүрбөй улуу шайырлардын күүлөрүн, обондорун гитара үчүн иштеп чыгат. Алсак, Карамолдо Орозовдун "Көкөй кестисин", "Ибаратын", "Жаш кербезин", Мураталы Күрөңкеевдин "Кер-Өзөнүн", Асанбек Кыдырназаровдун "Кыргыз көчүн" жана башка күүлөрдү гитарага салган.

24-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: