super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-ЯНВАРЬ: 4 жыл мурун кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү композитор Тарас Асанакунов дүйнө салган

 

Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 24-январда кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү композитор Тарас Асанакунов 52 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салган.

Тарас Асанакунов 1961-жылы Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен флейта аспабы жана классикалык музыка боюнча таалим алып, билимин Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан өркүндөткөн.

1978-жылы Тарас Асанакунов эң алгачкы чыгармасын - "Каркыралар кайтканда" аттуу ырын чыгарган. Ал ырды маэстро Асанкан Жумакматов симфониялык оркестрге салып, белгилүү ырчы Динара Чоткараеванын аткаруусунда чоң сахнага алып чыккан. Жагымдуу ыр тез эле жаштардын сүйүктүү ырына айланып, обончунун ысымы калк арасына таанылган.

Мындан тышкары ырчы Айчүрөк Иманалиева аткарып жүргөн "Кызыл гүл", "Ак куу белең, айперим?", "Тоо булагым - арманым", Алина Жетигенованын "Кыздын сыры", "Арген" сыяктуу бир топ ырларына обон жараткан. Өзүнүн 35 жылдык чыгармачылык жолунда баш-аягы 50гө жакын обондуу ырларды чыгарганы белгилүү.

24-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: