super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: 79 жыл мурун атактуу орусиялык акын, ырчы жана актёр Владимир Высоцкий төрөлгөн

 

Мындан 79 жыл мурун, 1938-жылы 25-январда белгилүү советтик акын, актёр, өзү жараткан ырлардын аткаруучусу, прозалык чыгармалардын автору Владимир Высоцкий Москва шаарында төрөлгөн. Ал таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болгон. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн.

Кичинесинен эле музыка, театрга жакын Владимир Таганкадагы театрда өмүрүнүн аягына чейин иштеген. Уильям Шекспирдин "Гамлетин" ойногону ага сынчылардын жогорку баасын алып келген. Высоцкий ондогон кинотасмаларда да ойногон. Мисалга алсак, "Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт", "Кичинекей кайгылар", "Интервенция", "Түнт токойдун кожоюну", "Вертикаль", "Кыска жолугушуулар", "Жаман-жакшы адам" жана башка фильмдерде ролдорду жараткан.

1980-жылы 22-июлда 42 жашында көз жумган. Өмүр жолу оору, ичимдик, баңгизаттар менен коштолгону көп айтылган ырчы-актёрдун өлүмү жөнүндө табышмактуу ой-жоромолдор азыркыга чейин айтылып жүрөт. Расмий түрдө ырчы уйкуда жүрөгү кармап каза болгон деп айтылган.
1985-жылы Михаил Горбачёв бийликке келгенден көп өтпөй Высоцкийге көзү өткөндөн кийин Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, анын пластинкалары, ыр жыйнактары чыгарылган. Ал эми 1980-жылы 22-январда анын советтик телевидениедеги жалгыз интервьюсу жаздырылып, бирок ал интервью актёр каза болгондон кийин, 1987-жылы гана толук көрсөтүлгөн.

25-январга карата жылнаама.






 
 Кыстарылган аудио 

Владимир Высоцкий – Моя цыганская

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: