super.kg logo

ТЕСТ: 1 күн премьер-министр болгон чиновник ким?

 

Мындан 10 жыл мурун, 26-январда ошол кездеги президент Курманбек Бакиев өлкөнүн 16-премьер-министринин ысымын атаган. Премьерликке Феликс Куловдун талапкерлиги 2 жолу сунушталып, бирок эки ирет тең Жогорку Кеңеш колдобой койгон. Мындан кийин Азим Исабековдун талапкерлиги колдоо тапкан. Кыргыз жеринде соңку 26 жылда 29 жолу премьер-министр алмашты. Алар тууралуу канчалык билесиз? Тесттен өтүңүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн канчанчы премьер-министри?

Сооронбай Жээнбеков өкмөттү 2016-жылдын апрель айынан бери жетектөөдө. Кыргыз Республикасынын 29-премьер-министри.

Кийинки суроо


27-премьер
28-премьер
29-премьер

Кийинүү стили, өзгөчө галстуктары менен башкалардан айырмаланган өкмөт башчы?

Өкмөт башчылардын ичинен Жоомарт Оторбаев жөнөкөйлүгү, кийинүү стили менен кескин айырмаланып турган. Өзгөчө анын галстуктары көзгө урунчу. 2014-жылы Бишкекте өткөн иш-чарада студенттер Оторбаевден канча галстугу бар экенин сурашканда, так санын айта алган эмес. Галстуктарды көбүнчө белекке аларын билдирген.

Кийинки суроо


Өмүрбек Бабанов
Игорь Чудинов
Жоомарт Оторбаев

Мурунку премьер-министр Кубанычбек Жумалиев азыр кайда?

Жумалиев азыркы учурда парламент депутаты. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.

Кийинки суроо


Москвада жашайт
Жогорку Кеңеште депутат
Өкмөттө бөлүм башчы

Апас Жумагулов эң узак мөөнөткө иштеген премьер. Канча жыл өкмөттү жетектеген?

Апас Жумагулов Кыргыз Республикасынын өкмөтүн 1993-жылдан 1998-жылга чейин башкарган. Бул эң узакка премьерлик кызматта турган жалгыз чиновник. Калган өкмөт жетекчилеринин алды 3 жыл, арты 1 күн иштеген.

Кийинки суроо


5 жыл
7 жыл
4 жыл

Данияр Үсөнов кайсы президенттин тушунда премьер-министр эле?

Данияр Үсөнов 2009-жылдын декабрынан 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга чейин өкмөттү башкарып турган. Үсөнов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келе элек. 2014-жылы Бишкек гарнизондук сотунда аны өмүр бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.

Кийинки суроо


Аскар Акаевдин тушунда
Курманбек Бакиевдин тушунда
Роза Отунбаеванын тушунда

2016-жылы тендер чуусунан кийин кызматтан кеткен премьер?

2016-жылдын башында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок “Лонг Хай” компаниясы мыйзамсыз утканын жарыялаган. Бул иште ошол кездеги премьер Темир Сариевдин да аты аталып, чиновник көп өтпөй кызматтан кеткен.

Кийинки суроо


Темир Сариев
Аалы Карашев
Искендер Айдаралиев

2002-жылы Аксы окуясы маалында өкмөт башында ким эле?

6 адам окко учкан Аксы окуясы 2002-жылдын 17-мартында болгон. Ал эми Курманбек Бакиев 2000-жылдын 20-декабрынан 2002-жылдын 22-майына чейин премьер-министр болуп турган.

Кийинки суроо


Николай Танаев
Амангелди Муралиев
Курманбек Бакиев

Бул адам өкмөттү 1 эле күн жетектеген.

Алмамбет Матубраимов бир күн өкмөт башчынын милдетин аткарган, 1993-жылдын 13-декабрынан 14-декабрына чейин. Бул Кыргыз Республикасынын тарыхындагы эң аз мөөнөткө өкмөттү жетектеген адам.

Кийинки суроо


Феликс Кулов
Азим Исабеков
Алмамбет Матубраимов

"Акчабызга жараша жашаганды үйрөнүшүбүз керек". Бул кайсы өкмөт башчынын айтканы?

2016-жылдын октябрында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөттөгү чыгымды кыскартуу иштери тууралуу айтып жатып "Биз каражатыбызга жараша жашаганды үйрөнүшүбүз керек болууда. Транспорт, иш сапар, байланыш боюнча чыгымдар кыскартылды" деп билдирди. Бирок депутаттар өкмөттү ашыкча ысырапкорчулукка такай күнөөлөп келишет.

Кийинки суроо


Сооронбай Жээнбековдун
Темир Сариевдин
Феликс Куловдун

"Кумтөрдө" кыргыздын үлүшүн 51 пайызга жеткирем деген кишиге чай ташып кызмат кылууга даярмын" деген өкмөт башчы?

2013-жылы парламентте "Кумтөр" маселеси каралып жатканда ошол кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев "эгер үлүштү 51 пайызга жеткирем дегендер болсо, ордумду бошотуп берүүгө, ал тургай ага кызмат кылып чай ташып берүүгө даярмын" деп билдирген. Сатыбалдиев "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлгөн жаңы ишкана түзүүнү жактаган.

Кийинки суроо


Кубанычбек Жумалиев
Жантөрө Сатыбалдиев
Борис Силаев

Алмазбек Атамбаев канча жолу премьер-министр болгон?

Алмазбек Атамбаев 2 жолу премьер-министрлик кызматты аркалаган. Биринчиси: 2007-жылдын 29-мартынан ушул эле жылдын ноябрына чейин өкмөттү жетектеген (Бакиевдин тушунда). Экинчиси - 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин министрлер кабинетин башкарган.

Кийинки суроо


Бир жолу
Эки жолу
Үч жолу

"Тулпар-гейт" чуусунан кийин отставкага кеткен премьер?

2012-жылы "Ата Мекен" фракциясы премьер-министр Өмүрбек Бабанов түркиялык ишкерден баасы 1 миллион долларды чапчыган аргымак белекке алганын, бул иште жеке кызыкчылыктар бар экенин айтып чыккан. Бабанов күлүктү сатып алганын билдирген. Бирок маселе ырбап, Бабанов 2012-жылдын 1-сентябрында отставкага кеткен.

Кийинки суроо


Өмүрбек Бабанов
Азим Исабеков
Жумабек Ибраимов

Кыргыз мамлекетинин биринчи премьер-министри?

Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри - Насирдин Исанов. Ал өкмөттү 1991-жылдын 21-январынан ушул эле жылдын 29-ноябрына чейин жетектеген. Исанов автокырсыктан каза тапкан. Өкмөт башчы катары бир топ жакшы иштерди жасоого үлгүргөнү белгилүү.

Кийинки суроо


Турсунбек Чынгышев
Апас Жумагулов
Насирдин Исанов

Премьер-министр бийликтин кайсы бутагын башкарат?

Өкмөт - өлкөнүн аткаруу бийлиги. Бүгүнкү күндө өкмөттүн курамында 12 министрлик, 4 комитет бар. Тармактар боюнча 4 вице-премьер-министр иштеп жатат.

Кийинки суроо


Мыйзам чыгаруу бийлигин
Аткаруу бийлигин
Экөөсүн тең

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
26.01.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
72 балл
26.01.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ТЕСТ: 1 КҮН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БОЛГОН ЧИНОВНИК КИМ?

Сиздин баллыңыз

86
ТУУРА ЖООП:12
КАТА ЖООП:2
ЖАЛПЫ:14 СУРОО
26.01.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
43 балл туура жооп 6 ката жооп 8
26.01.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
72 балл
26.01.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
86bal aldym tuura joob 12 kata joob 2
26.01.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
92 балл 2 ката
26.01.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
100 балл. Ээх буларды уктап жаткан жерибизден бетке чаап ойготуп сураса да так такалбай айтып бере турган болуп калдык го жашасын биздин чоңдор
27.01.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bubu88,
)))
26.01.2017. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
93 балл, 1 ката.
26.01.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек Курманбектин маалында чынында эле коп адам курман болгон экен да
26.01.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕСТ: 1 КҮН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БОЛГОН ЧИНОВНИК КИМ?

Сиздин баллыңыз

86
ТУУРА ЖООП:12
КАТА ЖООП:5
ЖАЛПЫ:14 СУРОО
26.01.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕСТ: 1 КҮН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БОЛГОН ЧИНОВНИК КИМ?

Сиздин баллыңыз

72
ТУУРА ЖООП:10
КАТА ЖООП:4
ЖАЛПЫ:14 СУРОО
27.01.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕСТ: 1 КҮН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БОЛГОН ЧИНОВНИК КИМ?

Сиздин баллыңыз

86
ТУУРА ЖООП:12
КАТА ЖООП:3
ЖАЛПЫ:14 СУРОО
08.12.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 балл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: