super.kg logo

ӨКМ: "Авиакырсык болгон күнү "Жорго таксинин" кызматкерлери чоң жардам көрсөтүштү"

 

2017-жылдын алгачкы айы башталып, эл өз жашоо-тиричилиги менен күн көрүп жатканда учак кырсыгы орун алып, Кыргыз жергесинде оор жоготуу болду. Бейкүнөө наристелер, жаш жигиттер жана келин-кыздар көз жумуп, бүтүндөй кыргыз элинин башына кайгылуу күн түштү. Мына ушундай апаатта Ала-Тоону мекендеп жашаган кыргыз эли бир муштумдай түйүлүп, кайгыдан муңканып тургандарга кайрат айтып жатты. Өлкөнүн алыскы айылдарынан тарта чет өлкөдө эмгектенип жаткан ар бир кыргыз мүмкүнчүлүгүнө жараша өз жардамын көрсөттү. Мындай оор кырдаалда Бишкек шаарындагы "Жорго такси" компаниясы да четте калбай, муктаж үй-бүлөлөргө жардам колун сунду.

16-январь күнү авиакырсык болгондон кийинки абалды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсү Муканбет Кожобеков төмөндөгүчө эскерет:

"Учак кулап, кырсык болгон күнү мен күзөт нөөмөтүндө болчумун. Биздин кызматка ыкчам маалыматтар түшүп, массалык маалымат каражаттары кабарларды жазып, бүтүндөй эл дүрбөлөңгө түшүп калды. Байланыш телефонубуз тынымсыз шыңгырап, бирөө жардам берет элем, экинчиси өрттү өчүрүүгө катышмакмын деп чалып жатышты. Ошол учурда жабыркагандарга жардам берүү пункттары борбор калаанын ар кайсы жеринде ачылып, ыктыярчылар иштеп жатышканы айтылды. Мына ошол мезгилде элди ташуу кызматын аткарып жаткан “Жорго такси” кызматынын жетекчилери бизге байланышып, жардам берерин айтышты".

Муканбет Кожобековдун айтымында, “Жорго таксиден” башка такси кызматы жабыркагандарга жардам берүү демилгесин көтөргөн эмес.

"Эл ызы-чуу болуп, каалоочулар жардамын кайда алып барарын билбей жатканда, “Жорго такси” кызматы чоң жардамга келди. Алар шаар ичинде жардам чогултуу пункттарына элден чогулган азык-түлүк, тамак-аш, жылуу кийим жана төшөнчүлөрдү өз убагында жеткизип жатышты. Жалгыз гана Бишкек шаарында эмес, шаардын четиндеги конуштардан да адамдарды ташып, түнү менен элге кызмат кылды", - деп кошумчалады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсү.

Күнү-түнү кызмат кылган мамлекеттик кызматкерлерге, жарандык активисттерге “Жоргонун” жигиттери ысык чай, тамак-аш жеткирүүнү колго алышкан. Жалпы жамааты менен калкка кызмат көрсөтүү демилгесин көтөргөн “жоргочулар” эки күн аралыгында жалпысынан 250дөн ашуун каттамды акысыз аткарышкан. Ошондой эле алар "Манас" аэропортуна каттаган ыктыярчыларды 25 унаасы менен ташып, жүктөрүн жеткиришкен. Мындан сырткары шаардагы өлүкканада кызмат көрсөткөндөргө ысык чай жеткиришкен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(34)
25.01.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Molodsy
26.01.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ма Ша Алла! менда коптон бери жоргонун икызматынан пайлдаланам жанагы окуяда ойлонгом бироок менин ойуму озум козум мн кормойунчо кулак мн уккан ушак озгорто албайт!
25.01.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтар !!!
25.01.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец Аллах Ыраазы болсун
25.01.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Негизинен абдан чон иш кылышыптыр. Рахмат. Бирок баарыбир жанаагы жаман ишинер унутулбайт. Эсинерде болсун.
25.01.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbek1990, кайсы иши унутулбайт темасын айтып койсон бизда окуп билели жоргонун кылыктарын
25.01.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
omurbek1990,сен озун эч качан жанылбайсынбы ? сен дайым туура тандоо жазайсынбы ? Кечиримдуу болуш керек ! сен да бир куну жанылып калсан , сага окшогондор ошол теманы кайра кайра козгой берсе , жакшыбы? "Жорго такси" Азаматсынар ! ишинерге ийгилик!!!
26.01.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
omurbek1990, дулой укканын койбойт, сокур коргонун койбойт, болбой, ар ким ката кетирет. Мен жоргонун тарапташы эмесмин, бирок пенде жанылат. Кайра турат, жолун улашы керек да акыры. Бирок, деген жер бар. Жорго таксинин шоопурлары чын эле куноолуу беле же жокпу...
25.01.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жорго такси мага абдан жагат, калпеле карайлай берген болбойт да. Ким эле буларга окшоп жардам берет экен. Ыраазыбыз силерге
25.01.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодцы
25.01.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен Жорго таксини ачылгандан бери колдонуп келем, биринчиден өтө ылдам иштешет, кайсы убакытта чалба -сылык жооп аласың. айдоочулары да жакшы. кайрымдуулук кудайга жакчу иш. Кубантпай койбойт мындай жаңылык!
25.01.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу мекендештер,"буткон ишке сынчы коп"- дейт кыргызда, бироонун корсоткон жардамына туз коз караш менен карап оптимисттикке чакыраар элем сынчыларды. Башка бироонун жардамына сын койгонго чейин, "мен озум ушул кайгылуу окуяга кабылгандарга эмне жардам корсоттум"- деген суроону "жумурткадан кыр издегендер" оздорунон баштаса экен ылайым ооо Жараткан!!!!!!!!!!!!!!!!!
25.01.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар рахмат сиздерге Аллах раазы болсун ишиниздер мынданда жакшы журушсун
25.01.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах ыразы болсун азаматтар.
25.01.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оздорун реклама кылбагылачы ал куну жорго такси эле эмес смс. [moderated] жана башка таксилерда жардамын коргозбодубу алар оздорун ушинтип мактанбай эле унчукпай калды буга далил ошол кунку таксистерден фирмадан сурасанар айтып беришет мисалы [moderated]лар акчалай да жардам бериптир ар бир таксисти 200 сомдон чогултуп которуптур ал фирмада 4000 дей машина бар экен калганын озунор эсептеп коргуло
25.01.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
[moderated] таксиде 4000 айдочу 200 сомдон чогулткан
25.01.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен силерге раазымын жоргочулар. Жорго таксинин арасында менин досум бар аябай кичи пейл баткенден болот аты елеман. Окууп калсан досун дастан
25.01.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жорго жорго делай
25.01.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оң колун м.н бергенди сол колун корбосун дейтко макул эми ошентсе дагы Аллах ыраазы болсун
26.01.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жардам берипсинер Алла разы болсун!
26.01.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жардам бергендерине ыраазычылык албетте, Аллах ыраазы болсун. Бирок реклама экени байкалып атат бул маалымматтар. Ал күнү бир Жорго эмес, көпчүлүк жакшы адамдар жардам колун созду да, колунан келишинче.
26.01.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tynara81,Жоргонун PR менеджериндей суйлойсун го тим эле озулорун реклама кылбай эле МЧСтин кызматкерлери ыраазылык билдирип атат бул жерде.Бирдемени суйлоордо ары жак бери жагын жакшылап окусан боло суйлойт десе эле суйлой бербей
26.01.2017. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адамга озу эч нерсе жакпайт! Бироолордун айыбын упаковка кылганча, озунордун катанарды сортировка кылгылачы кагылайындар!
26.01.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
lunakrasavisa,тескерисинче. Бирөөнүн жашоосун сортировка кылганча, өзүңдүн жашооңду упаковка кыл делет )). Менин жашоом упаковкада жүрөт, кудайга шүгүр.
26.01.2017. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсынар! Силерди жамандаган Милиция кызматкерлери жаагын жаап калса керек. Кимдин ким экенин корсоттунор алга ЖОРГО!
26.01.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Жорго, Жорго
26.01.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jani chygyp kele jatkanda jakwi bolchu, azyr onugup kettibi je koop kettibi shaardin kee bir jerlerine doplata koshup aliwiptir, bashka taksiler doplatasi jok ele barip jatsa bular ozgocholup koshup alishiptir,
26.01.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-журт кыйын кунго кабылганда,айлансын ар бир уулун чагылганга!!! Азаматтар
26.01.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоргонун шефи кашыктап чогулткан эмгегин кээ бир айдоочулар чакалап тогушот.Жоргонун хозяини жаш аракетчил ыймандуу жигит деп уккам.
26.01.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жардам берип колун созгон ар бир жаранга Аллах Таала чексиз сооп жана уй-булосуно береке тынчтык берсин.
26.01.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактоолорго татыктуусуздар. Ишиниздер илгерилей берсин!
26.01.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буга чейин деле көп жардам көрсөтүшкөнөн уккам. Азаматсыңар! Эл бар силердин ишиңер жүрүшүп жатат. Баарыбыз эле эл мененбиз да. Жорго таксинин айдоочуларына ар дайым шыдыр жол каалайм.
26.01.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emmi tolko tak jorgonu chakyryp turabyz, bashka taxsiler bizge keregi jok.
26.01.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Учурдан пайдаланылган пиар... АЛЛАh кабыл кылсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: