super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: Куудул, актёр Бакыт Мукул туулган күнүн апасынын жанында тосту

 
Жубайы менен

Бүгүн, 25-январда белгилүү актёр, куудул жана режиссёр Бакыт Мукул 52 жашка толду. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн апасынын жанында тосконун айтты.

"Учурда Балыкчыдамын. Туулган күнүмдү апамдын жанында тостум. Кээ бир адамдар туулган күнү келсе, картайып жатам деп кайгырат экен. Өздүк майрамыңда улуулардын батасын алып, жакындарыңдан жакшы сөздөрдү, каалоо-тилектерди угуу кандай жагымдуу!" - деди актёр.

Б.Мукул 1965-жылы 25-январда Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Учкун айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун Нарын театрынан баштап, Кыргыз драма театрынын алдындагы 2 жылдык окууга тапшырып, билим алган. Андан соң Жаштар театрында, Чүй облустук театрында иштеп, 40ка чукул тасмада роль жараткан. Ал 50гө жакын ырдын жана 30дан ашык сатиранын автору.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын сентябрь айында Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Алтын Зенит" байгесин, ноябрь айында Минск шаарында өткөн "Листопад" Эл аралык кинофестивалында "Салттарга заманбап көз караш", эл аралык кызматташтыкты жана достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Чеги жок тасма" сыйлыгын жана Минск шаарынын Аткаруу комитетинин атайын байгесин алган. Мындан тышкары Б.Мукул 2016-жылы декабрь айында "КРнын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон. 3 уулдун атасы.

25-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.01.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элге таанымал адамдар фамилиянарды ондогулачы пoжалуйста!
Ырчыларды кoрyп аларды тyуpаганынар уят
шер жума насип кадыр мукул деп(((
26.01.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакыт мукул тооба атына соз жокко Мукул Бакыт
26.01.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ойлоп тапкан ысым (псевдоним) эмес да, атасынын аты ушундай, жаңылбасам.
26.01.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун менинда туулган кунум
26.01.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мм,ушул кишинин аты ушундай экен да ээ,тоа.Коруп жургон артист го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: