super.kg logo

Боронов: "Авиакырсыктан улам келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 186 миллион сомдон ашат"

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-январда Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы авиакырсыктын кесепетин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Ага өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов катышты.

Анда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов авиакырсыктан улам келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 186 миллион сомдон ашуун каражатты түзөрүн билдирди.

"Бүгүнкү күндө 26 турак жай жашоого жараксыз деп табылган. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бригадалары жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү авиакеросин төгүлгөн жерде тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда учактын калдыктары толугу менен чыгарылган жана таштандылар тазаланууда", - деди Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.01.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол чыгымдарын эсептеп чыксанар элге уй салып бергиле жарываган окмоттун 150-200мин сомуна эл эч нерсе кыла албайт,Уят,Уят мамлекет элге эч кандай чон акчалай суммадагы жардам бере алган жок,мына эл бир женден баш чыгарган сыяктуу чогулуп олтуруп 30 млндон ашык сумма чогултуп олтурат,ушундай калыпта кетсе жакында эл ар бир уй-булого 1млн.дон сумма чогултуп берген болот,мамлекеттин жарываган элге болунгон суммасын эл чогулткан акчанын жанында тыйынга тете болуп калды!!! Бул Уят Мамлекет учун...
26.01.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талкуу жабык болгону учун бул жакка жаздым. Бийликтегилерден чечкиндуу кадамдарды кутком. Эмне учун министир, депутат эли учун куйбойт? Жыйынтык 6 айда чыкканча жабыркагандар эмне деген кун корушот? Ага чейин чогулган акчага хан сарай салып берсенер да болмок.
26.01.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал уйлордун эле турушу болсо керек ичиндеги машина,оокат жайларычы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: