super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ЯНВАРЬ: 116 жыл мурун атактуу италиялык композитор Жузеппе Верди көз жумган

 

Мындан 116 жыл мурун, 1901-жылы 27-январда атактуу италиялык композитор Жузеппе Верди Милан шаарында көз жумган. Ал 1813-жылы 10-октябрда Италиянын Парма провинциясындагы Ронкола айылында төрөлгөн. Ж.Вердинин опералык чыгармачылыгынын туу чокусу болуп 1886-жылы жазылган "Отелло" операсы эсептелет. 1892-жылы ал өзүнүн акыркы шедеври - Уильям Шекспирдин сюжетинин негизинде "Фальстаф" чыгармасын жараткан. 1870-жылы Египет өкмөтүнүн буюртмасы менен Суэц каналынын ачылышы үчүн "Аида" операсын чыгарган. Мындан тышкары ал "Набукко", "Травиата", "Риголетто" сыяктуу белгилүү чыгармалардын автору. Жалпысынан Ж.Верди 26 опера жараткан.

Композитор 2 ирет үй-бүлө курган. 1836-жылы Маргарита Барецци менен баш кошуп, 2 балалуу болгон. 1840-жылы жубайы жана балдары көз жумган. 1840-жылдардын аягында ырчы Жузеппина Стреппониге үйлөнгөн.

27-январга карата жыылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: