Ош шаарында окуучулар арасында Манас таануу жана "Манас" айтуу боюнча сынак өтүп жатат











Ош шаарындагы №52-кыргыз-түрк достук мектебинде окуучулар арасында Манас таануу жана "Манас" айтуу боюнча сынак өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге уюштуруучулардын бири Самат Асылкеримов билдирди.
"Ош шаарындагы окуучулар арасында "Манас" эпосуна болгон кызыгуу күч экен. Манас таануу, "Манас" эпосу боюнча билимге суусап турган жаштарды көрүп кубандык. Сынакка 150дөй окуучу катышты. Иш-чара абдан жакшы деңгээлде өтүп жатат. Кечээ башталган эле, бүгүн жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр, катышуучулар сыйланат", - дейт С.Асылкеримов.
Иш-чараны "Саякбай" Эл аралык фонду демилгелеп, ага Улан Исмаилов, Рыспай Исаков жана башка белгилүү манасчылар катышып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.